Акыркы макалалар

“Жоголду, жоголду! А-аа жоголбой эле өзүбүздө экен!”

“Жоголду, жоголду! А-аа жоголбой эле өзүбүздө экен!”

25-мартта Сокулук районунун Шопоков шаарында жарандардын биометрикалык маалыматтарын сактаган флешка жоголду деген маалымат тараган. Муну Мамлекеттик каттоо кызматынын орун басары Элдияр Усубалиев да моюнга алып “Ооба, Шопоков шаарында жарандардын биометрикалык маалыматын сактаган флешка жоголуп кетти, азыр бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат, материалдар Улуттук коопсуздук кызматына жиберилет” деп билдирген эле.

Ал эми 30-март күнү Мамлекеттик каттоо кызматынын техникалык колдоо бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Сааданбеков жоголгон флешка табылганын айтты. “Жарандардын маалыматын кабыл алуучу ар бир штабга, техникалык жабдууларга кошулуп, экиден флешка жиберилет. Бири негизги, экинчиси кошумча катары. Кечээ жоголгон флешка кошумча флешка болчу. Ал флешка табылып, ичинде эч кандай маалымат жок болуп чыкты” деди. Коомчулукка бул жагдай баары бир түшүнүксүз болуп калды. Адегенде жоголду деп маалымат таратышып, кайра анысы табылганы, анын ичинде эч кандай маалымат жок болуп чыкканы кандай?

Улукбек Кочкоров, ЖК депутаты: “Кылмыштуу иштерге колдонулуп кетпейт деп ким кепилдик берет?”

- Бул биринчи жолку окуя эмес, буга чейин эки компьютер жоголгондугу айтылган, анда канча адамдын маалыматтары бар эле – бул ачыкталбай калды. Ал эми кечээки жоголгон флешкада бир эле жарандын малыматы бар эле деп Мамлекеттик каттоо кызматы билдириптир, мен буга ишенген жокмун. Учурда алдыдагы боло турган шайлоолорго байланыштуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, биометрикалык маалыматтардын негизинде шайлоого катыша турган шарттар каралып жатат. Шайлоочулардын биометрикалык маалыматтары флешкага жүктөлүп, ал ар бир шайлоо участогуна жиберилет экен. Эми ушул жерден ар кандай жагдайлар болуп флешка жоголуп кетсе, андагы маалыматтар башка бир кылмыштуу иштерге колдонулуп кетпешине эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан башында тендер өткөрүлүп жатканда, алынган маалыматтар эч бир компьютерде да, флешкада да сакталбастан, онлайн түрдө борбордук базага кетиши керек деп айтылган. Азыр болсо бул көп каражатты талап кылат экен деген шылтоо менен флешкаларда сактагандыктан, жоголуп кеткен учурлар болуп атат. Эгер Мамлекеттик каттоо кызматы жарандардын маалыматы сакталган флешкаларды жоготуп алса, жашырып коркуп отурбастан, кимдердики жоголгондугун коомчулукка жарыя кылуу керек. Ал эми маалыматы жоголгон жарандар милицияга жана прократурага арыз менен кайрылып, “Биздин маалыматтар жоголуп кетиптир, эгер эртеӊ кайсы бир кылмыш иштеринде биздин маалыматтар колдонулуп кетип, күнөөсүз жерден биз жоопко тартылып калбайлы” деген сыяктуу өздөрүнүн коопсуздугун алдын алуулары керек.

Кубанычбек Сааданбеков, Мамлекеттик каттоо кызматынын техникалык колдоо бөлүмүнүн башчысы: “Биометрикалык маалыматтарды башка максатта колдоно алышпайт”

- Жоголуп кеткен күндө дагы, аны башка бирөөлөр башка максаттарда колдоно алышпайт. Анткени флешкага түшкөн маалыматтар атайын бир программанын негизинде автоматтык түрдө кулпуланып сакталат. Андагы маалыматты каалаган адам ача албайт, борбордук серверден гана ачууга болот. Ошондуктан коомчулукту жоголгон маалыматтарды ар кандай кылмыш иштерге колдонушат, же шайлоо учурунда колдонот деген кептерге ишенбөөгө чакырып кетем.

Сталбек Абдижалил

Түп нускага шилтеме : pk.journalist.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...