Акыркы макалалар

Баткенде АКШ борбору иштей баштады

Баткен облусунун борборунда уюштурулган АКШ борбору аймак жаштары үчүн жаңыдан кызмат көрсөтүп баштады. Аталган борбор англис тилин үйрөнүүнү каалаган жаштар менен кошо Америкага барууну үмүт кылгандарга да кызмат көрсөтөт. Борбордо тил үйрөнүүнүн жаңы ыкмасын колго алган уюштуруучулар Америка кошмо штаттарынын маданиятын, калктын турмушун да тааныштырып, көркөм жана даректүү тасмаларды көрсөтүшөт. Чет өлкөдөн келген ыктыярчылар менен жолугушуулар уюштурулуп, майрамдык кечелер өткөрүлөт.

Баткен аймагында мурда мындай борборлор жок болгонунан жаштар арасында тил үйрөнүүгө кызыккандардын саны көп экенин демилгечилер айтууда.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...