Акыркы макалалар

Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери уурдаган 4 млн. сом бюджеттен төлөндү

Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери уурдаган 4 млн. сом бюджеттен төлөндү

Донорлор суу менен камсыздоо боюнча долбоорду ишке ашырууда макулдашылбаган чыгымдарды калыбына келтирүүнү айыл чарба министрлигинен талап кылган. Ал эми бул каражат мамлекеттик бюджеттен төлөнгөн.

Айыл жерин суу менен камсыздоо департаментинин кызматкерлери жеп алган 4 миллион сомду эл аралык донорлорго мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнүп берилгенин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттен кызматы билдирди.

Аталган кызматтын кызматкерлери ири көлөмдөгү бюджеттин каражаты сол чөнтөккө салынган фактыны аныкташкан.

Айыл чарба министрлигинин айыл жерин суу менен камсыздоо департаментинин долбоорлор боюнча башкармалыгынын кызматкерлери 2008-2013-жылдары Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, эл аралык уюмдар тарабынан гранттык жана кредиттик негизде долбоорлорду ишке ашырууга бөлүнгөн каражаттардан 4 миллион сомдон ашык акчаны кымырып алганы аныкталган.

"Эл аралык донорлор кеткен бул чыгымдарды төлөп берүүнү талап кылганда, алар министрликтин кызматкерлер жеп алган каражаттарын мамлекеттик бюджеттен төлөп беришкен", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул ишке тиешеси бар адамдарга карата кылмыш иши козголгондугун аталган маалымат кызматы кошумчалады.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...