"Курманжан Датка" фильмин тарткан режиссер Садык Шер-Нияз, Азия өлкөлөрүнүн эл аралык кинофестивалын негиздеди. Фестиваль жыл сайын АКШнын Лос-Анжелес шаарында өткөрүлөт. Алгачкы иш-чара ушул жылдын 27-октябрынан 2-ноябрына чейин өтөт.
Режиссер бул фестивалды түзүүнүн максаты катары, "Азияда эмгеги бааланбаган кыйын кино адистери жана кинолор бар. Мына ошолордун эл аралык деңгээлге көтөрүлүүсүнө салым кошуу керек"-деген сөздөрүн айткан. Ал эми 13-майдан тарта фестивалга катышууну каалаган тасмалардын арыздары кабыл алуу башталат.
Түп нускага шилтеме : maralfm.kg
Азырынча бир да пикир жок...