Акыркы макалалар

"Параграф". Баягысы баягы, болор эмес аягы

Ыйлаган жол, ызырынган айдоочу

Кечээ аба ырайы бузулуп, кичкинтай кар жаады эле, Боом капчыгайындагы үлкөн акча сарпталып салынган жолдон канча машина тайгаланып, Кубакы ашуусу жабыла калды. Анткени, буга чейин жааган карды шамал үйлөп салып, жол кардан тазаланып калчу экен. Ал эми азыр жол жээгиндеги тосмолорго кар үйүлүп, ыңгайсыздык тартуулап жатканы айтылууда.

Ооба, чынында эле кыш али баштала электе эле минтип жол көйгөйү башталды. Кыш ортосунда эмне болот болду экен? - деген суроого жооп табуу кыйын болуп туру.

Наалыбаган Нарындыктар

Кочкордон, Нарынга чейинки жолдун бузулганын айтсак, арман аттын башындай. Кебелбеген Нарын эли тынччылыкты гана тилеп жатканы-жаткан. Болбосо, башка аймактагылар жол эмес, кайдагы тентек бала үчүн жол тосуп, ачкачылык жарыялап, жөө жүрүш жасап, өкмөттүн шаштысын кетирип жатышат.

Керек болсо жаамы Кыргыз элин багып жаткан “Дордой” базарына, Кытайдан жүк нак ушул жол менен келет. Кытайдын машиналарына түткөн жолго жана наалып напчыбаган Нарын элинин сабырдуулугуна ырахмат дейли. Болбосо, алар дагы жол тосуп чыкса, эң алгач сатармандарга жана бизнеси бар Ак үйдөгүлөргө эле кыйын болмок.

Көмүрдүн баасы өстү

Жылдан-жылга жылуулук тартуулаган кара алтындын баасы асманды чапчып бара жатканына жогору жак көңүл дагы бурган жок. Өз жерибизден чыккан көмүрдү арзан алып келип койгонго жарабаган өкмөттүн чабалдыгынан чарчаган кайран эл. Улам эле бийлик жаңырса, жаңы үмүт пайда болот дагы, баягы эле көрүнүш кайталанып, кыйратам дегендер камырабай жатканы жаткан.

Майда барат

Шайлоонун алды, атаандашуунун шаңы

Жакын арада боло турган шайлоонун шаңы башталды белем, азыртан эле кимдер депутат болот, кудалашуу жолу катуу жанданды. Албетте бул шайлоодо дагы акчанын күчү колдонулганы калганына таң бербей эле койгонубуз оң. Бизде акылы жок болсо мейли, негизгиси акчасы болсо болду болуп калганын жашырсак капка шибеге каткандай эле болот. Тээ илгери депутат, элге эмгеги сиңген киши болчу эле, азыр акчасы көп киши болуп калганын жашырганда эмне. Учурда ар бир партия өзүнүн кишисин түрткүсү келип, болгон далалаттарын жасап жаткандагы кези. Бул жерде “мен депутат болгондо” деген мактаныч сөз катылып жатканын жашырганда эмне. Эсил кайран эсэсэсер тараганы акчалуулар депутат болгон жана боло бермекчи. Бирок “элдин жашоосу оңолуп кетет” деп айтуу албетте опурталдуу.

А.Келдибеков акылдуусунду

Жакында экс-спикер А.Келдибеков “Азаттыктан” тилинен жаңылып: “эгер бийлик ЖКнын үч депутатын жакын арада мыйзамды сыйлап, абактан чыгарбаса, биз анда элдин күчү менен чыгарабыз” -деп ишенимдүү айтты. Ушул сөздү айтаардан мурда Ахматбек мырза азыраак ойлонду болду бекен? Деги биздин элди кимдер бийлеп, кимдер башкарып жүргөн? Камчыбек Ташиев тигинтип бирөөнүн короосуна секирип кирген жаш баладай ак үйгө секирип кирип “бийликти ала коём”-деп Чыңгыз хан болгусу келсе, анын жасаган ишин күнөө катары сезбей Ахматбек минтип акылдуусунуп сүйлөгөнү кантип ойго салбайт. Экс-спикер мыйзамды сыйламак турсун, жазылган мыйзамды билбесе, деги биз кайсы заманда жашап, кимге ишеним артып жүргөнбүз? Эгер бригаданын мүчөлөрүнөн башка киши Камчыбектин жоругун жасаган болсо, Ахматбек мырза анда такыр башка сөздү айтмак эле. Калыстыктын жоктугу ушул жерден эле билинип турат.

Накен Касиев каякта?

Саясат айдыңынан башы көрүнө калган Накен Касиев иниси Аскар Салымбековго депутаттык шайлоодон жеңилгени карааны жоголду. Акаевдин учурунда губернатор дагы болгонго жетишип, бийликтин ачуу даамын татып калды эле, эми дайыны билинбей, ысмы унутулуп бара жатканына таң бергендер көбөйдү.

Ооба, бир кезде шайлоонун будуң-чаңында элге кайрылганы бар эле: “байлыкты карабай, адамдык сапатты карагыла” -деп. Бирок, ачынып калган эл Накен мырзанын сөзүн укмак турсун, көңүл дагы бурган жан болбой, жеңилүү ызасын тартып, элге катуу таарынган өңдүү. Болбосо, ушундай кыйын кырдаалда үнү бир жерден чыгат эле. Ооба, баарына бир гана турмуш күбө, болбосо адамдык сапат бийик болгондо Накен мырза билерман болуп жүрөт беле ким билет?

Бердикожо БИЙНАЗАРОВ

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...