Акыркы макалалар

Нарында эки залкардын «ЖЫ музкаанасы» ачылды

Нарында эки залкардын «ЖЫ музкаанасы» ачылды

1-апрель күнү Нарын шаарындагы Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектепте кыргыз элинин улуу обончулары Жумамүдүн Шералиевдин (Жумаке) жана Ырысбай Абдыкадыровдун «музыкалык каана» (Биз «ЖЫ музкаанасы» деп атадык: автор К.У.) класс бөлмөсүнүн ачылышы болуп өттү. Аземге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге Кыргызстан аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышова, Ж.Шералиев атындагы эл аралык коомдук кордун төрайымы Нарынкүл Шералиева, мектеп жамааты катышышты.

-Бул ой мурда эле болгон. Акыры атамдын 100 жылдыгына карата ишке ашырылып жатат. Себеби 100 жылдыкка 100 класс деген долбоор бар. Экинчиси атама Ырысбай Абдыкадыровду да кошо тең койдук,-дейт ушул мектептин музыка мугалими, Жумакенин кызы Турдугүл Шералиева.

«ЖЫ музкаанасына» эки залкардын өздөрүнүн аккардеондору, чоң портрет сүрөттөрү, ар кандай китептери коюлган экен.

-Биз өлкө боюнча улуу Жумакенин 100 жылдыгына арнап 100 класс ачалы дегенбиз. Көрсө эл деген эл экен. Учурда 119 класс даяр болуп калды,-деп билдирди Ж.Шералиев атындагы эл аралык коомдук кордун аткаруучу деректири Жумакадыр Курмангалиев.

Улуу обончу Ж.Шералиев 1915-жылы Ат-Башы районунун Туюк-Богошту өзөнүндө туулган жана 1994-жылы Нарын шаарында каза болгон.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу

Түп нускага шилтеме : erkintoo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...