Акыркы макалалар

Атопиялык дерматит – көп оорунун башаты

Акыркы он жылдан ашуун убакыттын ичинде аллергиялык оорулар көбөйө баштагандыгы коомчулукка маалым. Бул дарттын пайда болуу себептери, белгилери, алдын алуу тууралуу Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталдын аллергология жана иммунология бөлүмүнүн дарыгери, медицина илимдеринин кандидаты Гүлзат Маймирова баяндайт.

Атопиялык дерматит – бул өнөкөт аллергия ооруларынын ичинде 20-30 пайызды түзөт. Бул дарт көбүнчө ата-энеси өнөкөт астма, атопиялык дерматит, аллергиялык ринит менен ооруган балдарда кездешет. Басымдуу бөлүгү эне жактан тукум кууйт. Энеси ооругандардын 80 пайызында жана 4 килограммдан ашык же 3 килограммдан кем төрөлгөн, кесарево аркылуу жарык дүйнөгө келген наристелерде учурайт. Ошондой эле ар кандай өнөкөт оорулар, ичеги мителери, талгак, анемия менен жапа чеккен, кош бойлуу учурунда ар кандай дары-дармектерди ичкен, бир өңчөй тамактанган, спирт ичимдиктерин ичип жана тамеки тарткан энелердин балдары дагы ушундай дартты “мураска” алышат. Андан тышкары зыяндуу заттар менен иштеген аялдардын ымыркайлары дагы мындай дартка дуушар болушу ыктымал.

Адатта атопиялык дерматитти медицинада төрөлгөндөн баштап эки жашка чейинкилер, 2 жаштан 12 жашка чейин, андан кийин өспүрүм курактагыларга бөлүп дарылашат. Ымыркайларда адатта башына элде “какач” деп аталган карттар чыгат, бетинде, ээгинде, чекесинде, колдун бүгүлгөн жерлеринде, жамбашка бүдүрлөр пайда болот, абдан катуу кычышат. Ооздун тегегериндеги тери быдыр ала кургак болот, бала тырмап койсо инфекция кирип ириңдейт. Ал эми өспүрүмдөрдө бетинде, мойнунда билекте, чыканакта тери кургак тартып, бозомтук болуп турат. Оору курчуган учурда тери кызарып чыгат.

ДЕРМАТИТ ЭМНЕДЕН ПАЙДА БОЛОТ?

Атопиялык дерматитте эмчектеги балдарда эне туура эмес тамактанганда, эмдөө алганда, уйдун сүтүн бергенде пайда болот. Анткени кичинекей балдар уйдун сүтүн жакшы көтөрө алышпайт. Өспүрүмдөрдө болсо үйдөгү чаң, мышыктын, иттин жүнүнөн, жазында бак-дарактар гүлдөгөндө пайда болот, синтетикалык жана жүндөн жасалган кийимдерден, парфюмерия каражаттары, стресс алуу, аба ырайынын өзгөрүүсү таасирин тийгизет. Өтө суук, өтө кургак болгондо, оор жумуш жасаганда, дары-дармектерди ичкенде күчөйт. Адатта көздөн жаш, мурундан суу куюлат, чүчкүрөт. Белгилери гриппке окшоп, аны алмаштырып да алышат.

6 жашка чейинки балдарда бул дартка аныктама коюу кыйыныраак болгондуктан, туура эмес дарыланган учурлар бар. Ал котур, экзема, псориазга алмашып калуусу ыктымал. Атопиялык дерматиттен фибриалдык дерматиттин айырмасы тери майлуу болуп, какач түрүндө көбүнчө каштын, ооздун тегерегинде саргыч тартып турат, азыраак кычышат. Аталган дартты дарылоодо бир нече адистин биргелешип иштөөсү талап кылыната. Мисалы, педиатр, гастроэнтеролог адистери балдарда ашказан ичегиде жара пайда болуп жана ич катышы мүмкүн болгондуктан зарыл, лор дарыгери болсо өнөкөт синусит, тонзиллит, гайморитте, невропатолог кычыштырууга кыжырланып көңүлү чөккөндүктөн, тиешелүү антидеприссанттарды берет. Психолог стрессти жоюуга, жүрүш-турушун жөнгө салууга жардамдашат, диетолог ар бир баланын оорусуна жараша тамак-аштын рационун түзүп берет, эндокринолог бейтаптын эндокриндик системасын аныктайт.

БАЛА ҮЗГҮЛТҮКСҮЗ КӨЗӨМӨЛДӨ БОЛУШУ КЕРЕК

Жалпы анализге кан, заара алынат. Анткени мындай балдардын ичтери өтөт же катыйт, чүчөккө да текшерилет. Эгерде балада аталган оорунун биринчи белгилери пайда болсо, аны үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна алып баруу зарыл, алар баланын жашына, дарттын клиникалык белгилерине карата дары жазышат же зарыл болсо аллергологго жөнөтүлөт.

Мындай балдар дайыма алдын ала дарыланып, бекемдөөчү дары каражаттарын алып турушу керек. Эгерде дайыма көзөмөлдө болбосо астмага, аллергиялык ринитке өтүп кетүү коркунучу бар. Бул дарыгерден дагы, ата-энеден дагы чыдамдуулукту талап кылат. Көбүнчө ата-энелердин чыдамы кетип, ар кайсы жеке дарыгерлерге барып балдарга гормондорду, ар кайсы дарыларды ичирип жедеп оорлогондо келген учурлар дагы бар. Адатта төрөлгөн ымыркайлардын 60-70 пайызы жарык дүйнөгө келген биринчи жылдарында атопиялык дерматит менен оорушат. Памперстерди колдонуу, кытайдын оюнчуктары, кийимдери дагы ушул дарттын көбөйүүсүнө түрткү болууда.

АЙМИРА МЕНДЕЕВА

22-февраль, 2013-жыл, №07

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...