Акыркы макалалар

"Параграф". Абалың кандай аким мырза?!

Редакция куржунуна келип түшкөн каттын негизинде, Жумгал жергесин аралап жүрүп, район жетекчисине жолукпай кетиш эч мүмкүн эмес эле. Райондун жалпы акыбалын билүү максатыбыз орундалып, райондун акими Адылгазы Исагулов мырзаны иш ордунан тапканыбыз, алыстан ат арытып келген биз үчүн жолубуздун оңунан чыкканын билдирип турду. Аким менен баарлашып отуруп-өзү ушул жердин (Чаектин) кулуну экендигин, буга чейин бир топ жетекчилик кызматтарды аркалаганын билдик. Кеп учурунда Адылгазы мырза баардыгын төкпөй-чачпай, болгонун болгондой айтып берип жатканы, албетте маегибизди боегу жок нукка буруп жатты.

-Адылгазы мырза, райондун акими болуп качантан бери иштеп жатасыз?

-Үстүбүздөгү жылдын февраль айында райондук депутаттардын көпчүлүк добушунун негизинде ушул кызматка дайындалгам (30 депутаттан 29 депутат А.Исагуловдун пайдасына добуштарын берген. Автор.).

- Жогоруда айтылгандай, сиз буга чейин бир топ жетекчилик кызматтарды аркалаган экенсиз, акимдик кызматты кандай кабыл алдыңыз?

- Чынын айтканда, колуңан келип турганда өз элиңе, жериңе кызмат кылгандан башка жакшы иш барбы. Мен дагы атайын эл журтум мага ишенип, ушундай райондун жетекчилик кызматын тапшырып жаткандан кийин, баардык күч-убатымды жана мүмкүнчүлүгүмдү районубуздун элинин жашоо-шартын канткенде жакшыртабыз дегендин үстүндө күн-түн дебей иштеп жатам. Анын үстүнө Премьер-Министрибиздин атайын ыйгарымдуу өкүлү (губернатор) Канатбек Муратбеков да биздин райондун кулуну экендиги бизге эки эсе жоопкерчиликти артып турат. Ошондой болгон күндө дагы, мындай кыска мөөнөттө райондогу баардык көйгөйлүү маселелерди чечип жибериш эч мүмкүн эмес экендигин баардыгыбыз эле түшүнүп турсак керек. Азыркыга чейин жасаган ооз толоорлук иштерибизге токтолсок, бул Канатбек Муратбековдун демилгеси менен “Жумгалым менин мекеним” деген аталыштагы өткөрүлгөн бизнес форумду атасак болот. Форумдун негизги максаты Жумгалдан чыккан эр-азаматтарыбыздын башын кошуп, райондун инфрастуктурасын оңдоо, жердештерибиздин күндөлүк жашоосуна жакшы шарт түзүп берүү эле. Бул багытта форум өз максатына толук жетти деп айта аламын. Облус жетекчиси Канатбек Камбарбекович өзү баш болуп, өздүк каржылоосунун негизинде жалпысынан 1млн. 880 миң сомду түзгөн райондун борбору Чаек айылындагы Таттыбүбү Турсунбаева жана Мидин Алыбаев атындагы орто мектептердин ортосуна заманбап спорт аятнчасын куруп берди. “Жумгал Суу курулуш” ААКнун демөөрчүлүгү тарабынан 2 млн. сомдук каражат менен Чаек эс алуу багында футбол, чоң теннистик, кичи теннистик аянтча жана чуркоо аянтчалары курулуп, сырты тосулуп, ички келбети оңдолуп, түнкү жарыктар орнотулду. Эс алуу багы ачылгандан тартып эс алуучулардын саны арбып эс алуу багы шаңга бөлөнүүдө. Алдыда дагы бир топ жасай турган жакшы иш пландарыбыз бар. Буюрса деп турабыз. Учурдан пайдаланып, форумга катышып, берген убадаларынын аягына чыккан Жумгалдык эр-азаматтарыбызга районубуздун тургундарынын атынан ыраазычылык билдирип кетмекчимин.

Мындан тышкары мугалимдер күнүндө райондук мамлекеттик администрация тарабынан 24 орто мектептин мугалимдерине ардак грамота жана 500 сомдон акчалай жана баалуу сыйлыктар берилди. Колумдан келишинче мен дагы ушул райондун атуулу катары четте калбай 5 орто мектепке 5 компьютер бергенге аракет кылдым. Андан сырткары “Жумгал Суу Курулуш” ААКнун демөөрчүлүгү менен Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой, Чоң-Дөбө, Таш-Дөбө жана Эпкин айылдарындагы мектептерге жана бир китепканага заманбап компьютерлер, О.Ногойбаев атындагы орто мектепке 12 миң сомдук электр насосу жана мугалимдер күнүнө карата райондук билим берүү бөлүмү тарабынан 30 миң сомдун тегерегинде ар кандай баалуу сыйлыктар берилди. Орто мектептердеги окуучулардын билим деңгээлинин сапатын жогорулатуу максатында “мыкты класс” кароо-сынагын жарыяладык. Бул сынакка райондогу баардык мектептер катыша алат. Акыркы мезгилде мектептеги балдардын билим сапаты өтө төмөн болууда. Билим сапатын жогорулатыш үчүн ушул кароо-сынакты өткөрүп жатабыз. Негизги талап окуучулардын билим сапаты, окуу куралдары менен камсыздалышы жана мектептеги класстын ички жасалышы жана мыкты класс жетекчиси болуу зарыл. Аталган кароо сынактын байгелери болуп, 1-орунга 80 миң сом, 2- орунга 20 миң сом жана 3-орунга 10 миң сом аныкталды.

-Адылгазы мырза, райондогу болуп жаткан жакшы иштерди жакшы эле айткандай болдуңуз, эми кемчиликтерге, район тургундарынын чечилбей жаткан көйгөлүү маселелерине токтолсоңуз...

- Райондогу бирден-бир орчундуу маселе-кээ бир тургундарыбыздын трансформация болбогон жерлерге отурукташып алгандары болууда. Бул маселе жакында келип кеткен Премьер-Министрибиз Ж.Сатыбалдиев менен болгон жолугушууда тургундардын атынан кызуу көтөрүлдү. Мен да бул маселе боюнча жакында эле өкмөттөгү тийиштүү адамдарга, депутаттарга жолугуп кайттым. Канткен күндө дагы бул маселени тез аранын ичинде мыйзамдын негизинде, оң жагына чечиш керек болуп турат. Биз агрардык өлкө болгондуктан, баардык жердегидей эле дыйкандарыбыздын проблемаларына дагы көңүл бурсак деген жакшы ниеттерибиз бар. Бул деген колдон келсе районубузга техникалык сервис уюмдаштырып, жакшы үрөндөр менен камсыз кылып аз болсо дагы дыйкан, фермерлерибизге шарт түзүп берсекпи деген ойлор бар. Мындан тышкары кадрлар жаатында да кемчиликтер жок эмес. Бул багытта да иш алпарып, колдон келсе жаш билимдүү, илимдүү жаштарды ишке тартып, райондун келечеги үчүн бел чечпей иштеш керек экендигин түшүнүп турам.

- Биздин журналисттик топтун Жумгал жергесине келүүдөгү бирден-бир максаты Түгөл-Сай айылындагы С.Медетов атындагы мектепте болуп жаткан чыр-чатакты журналисттик иликтөө эле. Бул иштен кабарыңыз барбы?

- Кабарым бар. Аны айыл өкмөтү, билим берүү бөлүмү менен бирге карап жатабыз. Мага дагы жоон топ мугалимдер курамы келип мектеп директору А.Мамаеванын үстүнөн нааразычылыктарын айтышканынан, дароо комиссия түзүп, орун басарым Д.Асанованы баш кылып мектепке жөнөткөм. Мугалимдерди өз ара элдештирүүгө аракеттер болду. Азыр кайрадан арыздар түшө баштады. Мендеги бар маалыматка караганда бул мектеп боюнча райондук прокуратура иш козгоп, териштирүү иштери жүрүүдө. Ошол иш аягына чыгар замат, биз дагы бул мектептеги чыр-чатакка чекит коебуз го деген ойдобуз. Бул маселени жакын аранын ичинде оң жагына чечебиз деп турабыз.

-Аким мырза, бизге кайрылган мугалимдердин арызында көрсөтүлгөн бир топ фактылар, атап айтканда мектеп директору А.Мамаева тарабынан жиберилген катачылыктар, мыйзам бузуулар журналисттик иликтөө учурунда аныкталды десек болчудай. Буга эмне дейсиз?

-Бул маселе боюнча, мен жогоруда айткандай, өзүм дагы кызуу киришип, анык-каныгына жеткенге кызыкдар болуудамын. Кандай болгон күндө да мектеп директору тарабынан жиберилген катачылыктар, мыйзам бузуулар далилденсе, мен райондун жетекчиси катары токтоосуз чара көрөм.

- Маегиңизге чоң рахмат. Аны менен катар биз журналисттик иликтөөнүн негизинде гезитибиздин атынан райондогу С.Медетов атындагы мектептеги болуп жаткан чыр-чатакты Билим берүү Министрлигине, о.э. Башкы прокуратурага билдирип коюну эп көрдүк.

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Абай АРГЫНОВ

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...