Акыркы макалалар

Турсунбеков: Кыргызстанда экстремисттик мүнөздөгү уюмдар өздөрүн-өзү каржылайт

Турсунбеков: Кыргызстанда экстремисттик мүнөздөгү уюмдар өздөрүн-өзү каржылайт

Кыргызстанда 17ге жакын диний-экстремисттик, террористтик уюмдарга тыюу салынган. Бул тууралуу 31-мартта "Кабар ордо" сайтында болгон "Кыргызстан: диний экстремизм канчалык коркунучтуу?"деген аталыштагы тегерек столдо КРдин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын аналитика бөлүмүнүн башкы адиси Замир Турсунбеков билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын ар кандай сот инстанциялары тарабынан 17ге жакын диний-экстремисттик, террористтик уюмдар деп табылган.

"Алардын ичинен өтө коркунуч туудурганы баарына белгилүү "Ал-Каида" диний экстремисттик уюму, "Талибан" кыймылы, "Хизб ут-Тахрир", "Ислам мамлекети", "Чыгыш Түркестан", күрттөрдүн ПКК (Күрдстандын жумушчу партиясы), "Акрамия", "Өзбекстан ислам кыймылы" сыяктуу уюмдары эсептелет. Алардын негизги ишмердиги, мамлекеттин бүтүндүгүнө, конституциялык түзүлүшүнө, бийликке каршы багытталган",-дейт башкы адис.

"Мен атап өткөн бул уюмдардын баардыгы Кыргызстандын аймагында жок. "Хизб ут-Тахрир", "Өзбекстан ислам кыймылы" болушу мүмкүн. Алардын каржылоо системасы сырттан келбейт. Ар бир диний уюмдун мүчөсү каражатын чөнтөгүнөн чыгарышат. Алар өз ара ячейкаларга бөлүнөт. Ячейканын мүчөлөрү каражатын өздөрү алып келет. Сырттан колдоо бар, ал негизинен масс-медиа түрүндө болот. Бизге маалым болгондой бул уюмдардын башкы штаб квартирасы Лондондо жайгашкан. Лондондон атайын даярдалган видео роликтер, сапаттуу басмаканадан чыккан китептер жөнөтүлөт. Өздөрүнүн сайттары аркылуу үгүт иштерин жүргүзүшөт",-деп жооп узатты Турсунбеков экстремисттик мүнөздөгү диний уюмдарды каржыланышы тууралуу берилген суроого.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...