Акыркы макалалар

Өзгөндүктөр мектеп курууну талап кылып жол тосот

Өзгөн районунун Шералы айылында 500гө чукул адам жаңы мектеп салып берүүнү өкмөттөн талап кылып жол тосууга камынууда.

Жол тосууга камылга көрүп жаткандардын бири, айылдык кеңештин депутаты Рахат Камбардинованын айтымында, айылдын Касымаалы Рыспаев атындагы орто мектеби 1927-жылы курулуп, ошол бойдон жаңыланган эмес. 2008-жылы эле КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан “окууга мүмкүн эмес” деген тыянак чыккан. Ошол жылдары чатырда окуган окуучулар учурда кайрадан кооптуу мектепте билим алууга аргасыз болушууда. Бирок кыйроо абалында турган мектеп окуучулар үчүн кооптуу. Жергиликтүү тургундар бул маселе менен бир нече жолу тийиштүү жетекчилерге кайрылган менен жыйынтыгы болгон эмес. Аргасы түгөнгөндө элеттиктер бийликке 1-мартка чейин мөөнөт берип, эгер оң жооп болбосо балдарын окууга жиберүүдөн баш тартып, “Ош-Бишкек жолун тособуз”,- деп эскертүүдө.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...