Акыркы макалалар

Ошто эски автобекет шаардын сыртына көчүрүлөт

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаарынын вице-мэри Кутманаалы Абдрахман уулу билдирди. Анын айтымында, автобекетти көчүрүү иши 10-майга пландалган.

Көчүрүү маалында автобекетке келчү жолдун дээрлик бардыгы жабылат. Союз маалынан калган эски автобекетти азыр жеке ишкер иштетет. Күн сайын ага шаарга жакын 44 багыттан 300-320 кичи автобус каттайт.

Шаар бийлиги жаңы муниципалдык автобекетке шаардын ичинде өз алдынча бекет уюштуруп алган аймактык такси айдоочуларды да көчүрүүнү көздөөдө. Муну менен шаар бийлиги жол тыгындарын азайтуу жана автовокзалдан шаардын бюджетине көбүрөөк киреше алып келүү максатын көздөөдө.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...