Акыркы макалалар

"Параграф". Ааламга жол айылдан башталат... Кадыры качкан “кадрлар”

Гезитибиздин №30-санында Нарын облусунун Жумгал районунан келип түшкөн катта жазылгандай, Түгөл-Сай айылынын Сейдалы Медетов атындагы мектептин жамааты “кызылдар” жана “актар” болуп согушуп, мектептин директору Мамаева Айнура айымдын “өзүмдү-өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” кыязында жүргүзүп жаткан иш-аракеттери жөнүндө маалымдаганбыз. Окурмандарыбыздын кайрылуу катына кайдыгер карай албай журналисттик иликтөөнү эп көрүп, Жумгал тарапка сапар тарттык. Жумгалдын суук шамалдуу, даңгыр жолунда баратып Жаңы-Арык айылына жакын калганда шашкалактап жол тоскон Зарылканова Турсунбүбү апаны унаабызга салып алдык. “Ашка бара жатам” деген Турсунбүбү апа сүйлөшө келип биздин гезиттен экенибизди билгенден кийин, суроолорубузду күтпөстөн ачыла айылдагы кыйын турмуш тууралуу сөз козгоп “Келиним Эльмира Шадыбекова Жаңы-Арык айылындагы Айып Идинов атындагы орто мектепте 3 жылдан бери орус тилден сабак берчү. Быйыл “орун жок” деп жумуштан чыгарып салышты. Өзү И.Арабаев атындагы университеттин орус тили факультетинин 5-курсунун студенти. Келиним окуп алсын деп контрагын абышкам экөөбүз кредит алып төлөп жатабыз. Уулум, Эльмиранын жолдошу Исламбек Акматалиев 1-топтогу майып. Экөөнүн 2 баласы бар. Аларга пособия дагы чектелген эмес. Жагдайыбызды түшүндүрүп айыл өкмөтүнө кайрылсак, кайдыгерлик мамиле кылып койду. Чыркырап райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубан Кадыралиевичке барсак, анын деле уккусу жок. Ушинтип өлбөстүн оокаты өтүп жатат” деп жан дүйнөсүндөгү күйүтүн айтып кийинки айылдан түшүп калды. Турсунбүбү апанын айткандары биздин бара жаткан максатыбызга төп келип жатканынан иликтөө ишибизди Түгөл-Сай айылындагы С.Медетов атындагы орто мектептен баштадык. Алгач мектеп директору Айнура Мамаева жана кат аркылуу кайрылган мугалимдер жамааты менен жолугушуп, алардын арыз-арманын уккан соң, Жумгал районунун администрация башчысынын орун басары Динара Асанованын кабинетине баш багып, жумуш ордунан таппай, иш боюнча райондук прокуратурага, райондук кеңештин төрайымы Абакирова Калипа эжеге, райондун башчысы Адылгазы Исагуловго жолугуп мектептеги чыр чатактын 3 айдан бери чечилбей келаткан себептерин жеринен билгенге аракеттенип кайттык.

Айнура МАМАЕВА, Түгөл-Сай айылындагы С.Медетов атындагы орто мектептин директору: “Булар мени жумуштан кетирүүнүн амалын ойлоп таап...”

-Мектептин мугалимдер жамааты эмне себептен сизге каршы арыз жазышууда деп ойлойсуз?

-Ушул маселе менен 3 айдан бери суралып жатам. Бизде жалпысынан 345 окуучу, 28 мугалим бар. Мектеп чоң болгону менен окуучулар аз. Башталгыч класстын 9 мугалими бар. Алардын төртөөнө класс жетпейт. Пенсионер мугалимдер менен саат жетпей калган эжекелер арызданышууда. Мага 3 айдан бери “тигиге, буга саат берип койчу” деп чалгандардын аттарын атабай эле коеюн. Бир Путинден башкасынын баары чалды окшойт. Мен жумуштан кеткен күндө да саат жок деп айттым. Арыз жазгандардын арасында 2-3 эле мугалим баарын бузуп, кыйнап арыз жаздырып жатышат. Жетпеген сааттарды мен кайдан табам. Булардын көздөгөн максаттары эле мени жумуштан кетирүү болууда.

-Прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иши тууралуу эмнелерди айтасыз?

- Туура. Азыркы күндө райондук прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп суралып жатабыз. Иштеген жерде катачылыктар болбой койбойт экен. Эми бул иштин аягына прокуратура чекит коюп, күнөөм болсо жооп бергенге даярмын.

-Сиз тажрыйбалуу мугалимдерди жумуштан алып, “коррупция” жолу менен алардын ордуна тааныш, туугандарыңызды алып келип жаткан турбайсызбы?

-Ушул мугалимдер мугалим жок болгондо башка бирөөнө саат берип койгонду “коррупция” деп түшүнүшөт экен. Мектепте иштегендердин баары бири-бирибизге жакын тууганбыз. Себеби, бул айылда эки уруудан тарагандар жашашат. Ага болбой эле мени жумуштан кетирүүнүн амалын ойлоп, районго, облуска, ММКларга арыздарын жазып, тынчыбай келатышат.

Гүлнара Рысбекова, англис тили мугалими, эл агартуунун отличниги:

-Биз буга чейин Нарын облустук ИИБсине арыз жазганыбызда алар келип, текшеришип, биз жазган фактылардын баары далилденип, биз билбеген мыйзам бузууларды да ачыкка чыгарышкан. А.Мамаева директорлук кызматка келгенден бери, өз билген боткосун чалып жатат. Мугалимдердин эмгек акысы боюнча табель жүргүзүлбөйт, сааттар туура эмес бөлүштүрүлөт, эч кандай жетекчилик этикасы жок. Биздин жазган арыздын негизинде райондон комиссия келген эле. Комиссиянын башында турган акимдин орунбасары Динара Асанова арызды териштиргендин ордуна, мен сүйлөп баштаганда эле: “Сен сүйлөгөндүн ордуна тишиңди салдырып албайсыңбы” деп менин жеке аброюма шек келтирип бүткүл коллективдин көзүнчө айкырып алды. Ошол кезде чынында эле, тишим ооруганынан жулдуруп салган элем (көзүнө жаш алды). Мен баардыгын айтып убактыңарды албайын. Биз көрө албастыктан же жеке таарынычтан арыз жазып жаткан жокпуз. А.Мамаеванын “өзүм билемдигине” жосунсуз жоруктарына чыдай албаганыбыздан арыз жазууга аргасыз болуудабыз. Директордун иштөө методунун туура эместигинен мектеп жамааты экиге бөлүнүп, ыркы кетип турган чагы. А.Мамаева кызматынан кетмейинче жазганыбыз жазган. Азыр жамаат эки жаатка бөлүнүп, директорду жандаган мугалимдер чоң сүйлөп, бизди басмарлоодо. Ушунча жыл иштеп, өмүрүбүздүн жарымынан көбү өткөн мектебибизди бир кишинин колуна салып бере албайбыз.

Нуржан МЕКИРОВА, дене тарбия мугалими: “А.Мамаеванын бир тууган абысыны социалдык мугалим”

-Негизи май айында “Социалдык мугалимдин 10 жылдан ашык стажы болуш керек” деген токтом чыккан. Учурда социалдык мугалим А.Мамаеванын бир тууган абысыны Жылдыз Асанбаеванын 5 жыл дагы стажы жок иштеп жатат. Ал буга чейин мектепте иштеп көргөн эмес. Өзү биология мугалими болуп туруп, тарых, кыргыз тилинен алмашып сабак берет. Анысы аз келгенсип азыр географиядан 14 саат алып алды. Андан сырткары 20-30 жылдап иштегендердин сааттарын кыскартып, өзүнүн жакшы көргөндөрүнө бөлүштүрүп берүүдө. Деги койчу, А.Мамаева директор болуп келгенден бери, мектеп анын менчигине айланган.

Жазгүл САЙДИНОВА, музыка мугалими: “Мени куугунтуктап жатат”

-Мындан эки жыл мурда мектептеги башаламандыктан менин 2785 сом айлыгым колума тийбей калган. Директорго кайрыла берип тажаганымдан телекөрсөтүү аркылуу тийиштүү айлыгымды кайтарып алгам. Мына ошондон баштап мени райондук кеңештин төрайымы Калипа Абакирова баш болуп, директор А.Мамаева төш болуп куугунтуктап келатышат. Сааттарымдын дээрлик көбүн кесишти. Мектеп директору: “Сен сабагың жок күндөрү да мектепке келишиң керек”дейт. Айласы кеткенде окуучулардын, мугалимдердин көзүнчө мага кыйкырып урушуп алганды адат кылып алды (көзүнө жаш алды).

Мыскал САПАРОВА, айылдык кеңештин депутаты: “Директор кызматтан кетмейин мектептин иши оңолбойт”

-Жазылган арыздар туура деп эсептейм. Себеби, бул нерсе менин да башыман өткөн. Мен мектептин директору болуп турганда азыркы мектептин башынан аягына чейин жашылдандыруу, кооздолгон таштардан бери өз эмгегим менен жасагам. “Крышамдын” жоктугунан бир заматта кызматтан айрылдым. Чынында А.Мамаева директор болуп келгенден баштап башаламандыктар башталды. Чындык, адилеттүүлүк деген сөздөрдү унуттук. Азыр бизде мугалимдердин жасаган эмгектерине карабай, “крышалары” барлардын иттери чөп жеп турган маал. Кыргыздын “карынымдын ачканына ыйлабаймын, кадырымдын качканына ыйлаймын” деген сөзү биздин мектептегилер үчүн айтылгандай болуп турат. Бир сөз менен айтканда, А.Мамаева кызматынан кетмейинче мектептин иши оңолбойт. Мен бул сөздү өзүнө да айткам.

Нуриля АРЗЫБЕКОВА, башталгыч класстын мугалими: “Жумуштан айдап жатат”

-Бул мектепте иштегениме 40 жыл болду. Быйыл пенсияга чыксам жумуштан айдап жатат. Эгер “Пенсия жашына жеткендер кетсин” деген токтом бар болсо, таарынбай эле кетмекмин. 3000 сом пенсия менен кантип жашайм. Саат сурасам бербей койду. Айлык кошулганча сааттар да, класстар да бош болуп, анан айлык көбөйгөндөн кийин эле пенсионерлерди жумуштан кетирип, саат жетпей калганы кандай?! Азыр 6 саат менен иштеп жатам. Мисалы, өзүнүн абысыны Ж.Асанбаева деген социалдык мугалим Бишкекте лобарант болуп иштеп жүрүп, бизге келип эки штат менен айлык алып жатат. Айта берсе арман көп. А.Мамаеванын жоруктарын айтып отурсак директорлук кызмат эмес, мектепке жакын жолото турган адам эмес.

Калипа АБАКИРОВА, райондук кеңештин төрайымы:

-С.Медетов атындагы мектепке 3 жолу директор болуп бардым. Акыркы жолу барганымда А.Мамаева окуу бөлүмүнүн башчысы, Г.Рысбекова уюштуруучулук кызматта иштеп жүргөндө эле бир-бирин жактырчу эмес. Экөөнү жараштырайын деп канча жолу аракеттендим. Болбой коюшту. Мектептеги чыр-чатак пенсионер мугалимдердин көптүгүнөн, сааттардын жетишпей жаткандыгынан, жаш кадрлардын келишинен жана өз ара түшүнбөстүктөн келип чыгууда. Мектеп жетекчилиги жамаатты ынтымакка чакырып, калыстык менен иш алпарбаса болбойт. Жакында эле акимдин орунбасары, облустук өкүл болуп мектептин жамаатын ынтымакка чакырып жыйналыш жасап да көрдүк. Албетте, мектептин жамаатынын эки жаатка бөлүнүшү, чатактын ырбагандын үстүнө ырбап бара жатканы баарыбызга абийир алып келбейт.

Аваз, райондук прокуратура кызматкери (фамилиясын айткандан баш тартты):

-Аваз мырза, С.Медетов атындагы мектептеги мыйзам бузуу фактылары аныкталып, сиз териштирип жаткан турбайсызбы. Бул жөнүндө эмне дейсиз?

-Мектептеги мыйзам бузуулар аныкталып, кылмыш иши козголгону ырас. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

-Сизди арызданган тарап, ишти сотко жеткирбей жаап салганга аракеттенүүдө деп айыптоодо...

-Бул болбогон кеп. Бул иш сөзсүз сотко жетип, күнөөлүүлөр өз жазаларын алат деп ойлойм.

-Териштирүү иштери дагы канчага созулат?

-Териштирүүнүн аягына чыгып калдык. Жакын арада сотко өткөрөбүз.

Соңку сөз ордуна.

Ушинтип Жумгал жергесине болгон сапарыбыз да аяктады. Редакциябызга келген эки каттагы фактылардын баарын камтыганга аракеттендик. 1-каттагы көрсөтүлгөн облус жетекчиси К.Муратбеков жөнүндөгү фактылар биздин журналисттик көз карашыбызда далилсиз калды. Тескерисинче К.Муратбеков өзү башында туруп жасалып жаткан бир топ жакшы иштерге күбө болдук. Жолуккан эле райондун тургундары бир ооздон облустун жетекчиси К.Муратбековго ыраазычылыгын билдирип жатышты.

Ал эми 2-каттагы көрсөтүлгөн Түгөл-Сай айылындагы С.Медетов атындагы мектепте директор А.Мамаева тараптан орун алган мыйзам бузуулар, өзүм билемдиктер бар экендиги журналисттик көз карашта тастыкталды окшойт. Биз эми сот же прокурор болбогон соң, А.Мамаеванын иш-аракеттерине баа бере албайбыз деңизчи, ошондой болгон күндө да уккан-билгенибизди окурмандарга так жеткирип, кайрылгандардын арыздарын тийиштүү жерлерге жеткирүү биздин милдет деп эсептейбиз. Ошондуктан, гезитибиздин атынан Жумгал районунун Түгөл-Сай айылындагы С.Медетов атындагы мектептеги болуп жаткан башаламандыктар, мыйзам бузуулар жөнүндө Башкы прокуратурага, Билим берүү министрине билдирип коюну эп көрүп, кат жолдодук. Бул мектептеги чыр-чатак эмне менен бүтөрүнө дагы деле болсо көз салып тураарыбызды окурмандарыбызга билдирип кетмекчибиз.

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Абай АРГЫНОВ

Бишкек-Жумгал-Бишкек

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...