Акыркы макалалар

Ханзаада Карим Ага-Хан IV Атамбаев менен жолугуу үчүн Брюсселге учуп келди

Ханзаада Карим Ага-Хан IV Атамбаев менен жолугуу үчүн Брюсселге учуп келди

Президент Алмазбек Атамбаев Ханзаада Карим Ага-Хан IV менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кечээ, 30 мартта, президент Алмазбек Атамбаев Брюсселде атайын Парижден учуп келген ханзаада Карим Ага-Хан IV менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргызстан менен Ага-Хан өнүктүрүү фондунун (Aga Khan Development Network) кызматташтыгы жана мындан аркы перспективалары тууралуу сөз болду. Ошондой эле ар тараптуу, бирдиктүү долбоорлорду ишке ашыруу багытында пикир алмашышты.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...