Акыркы макалалар

Кеминде аммонит чыгарган завод курула баштады

Өкмөттүк аппараттын маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн кабарлашынча, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жаңы заводдун пайдубалына капсула салууга катышты. Кытайлык инвестициянын эсебинен курула турган заводду "Салют компани" ЖЧК курмай болду. Инвестициянын суммасы 5 миллион долларга бааланган бул завод жылына 12 миң тонна аммонит чыгарат деп пландалууда. Аммонит - тоо-кен казуу өнөр жайында, жолдорду курууда, жогорку чыңалуудагы линиялардын курулушунда колдонулат.

Завод бардык экологиялык нормаларды жана талаптарды сактоо менен курула турганы, анын документтери зарыл экспертизадан өткөрүлгөнү белгиленүүдө.

Заводдун курулушу ушул жылы аяктап, кийинки жылдан тарта өндүрүш башталат, жергиликтүү бюджетке салык түрүндө 150 миллион сом түшөт деп пландалууда.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...