Акыркы макалалар

Таласта төө буурчакты сатуу маселеси каралат

Таласта төө буурчакты сатуу маселеси каралат

Улуттук оппозициялык кыймылдын экс-төрагасы Равшан Жээнбеков бүгүн Таласта жергиликтүү эл менен жолугуп, Түркияда бул жаатта болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берет. Депутаттын айтуусунда, жолугушууда кыргыз фермерлерин Түркияга алып барып окутуп келүү, түрк айыл чарба өкүлдөрүн өлкөгө чакырып, жагдай менен тааныштыруу жана төө буурчак тармагын системалуу түрдө өнүктүрүү үчүн "Кыргыз төө буурчагы" ассоциациясын түзүү маселелери талкууланат.

Депутаттын маалыматында азыр эки өлкөнүн айыл чарба министрликтеринин ортосунда кызматташуу боюнча меморандум түзүлүп жатат.

Равшан Жээнбековдун бекемдешинче, жолугушууда саясат тууралуу сөз болбойт.

Былтыр Таласта дыйкандар төө буурчак баасынын мурдагы жылкыдан арзан болуп жатканына нааразы болгон. Мурдагы жылы төө буурчак алды 120 сомдон бааланса, былтыр 60 сомдун тегерегинде гана сатылды.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...