Акыркы макалалар

Бишкекте "Республикалык универсиада -2015" деп аталган иш-чара расмий ачылды

Бишкекте "Республикалык универсиада -2015" деп аталган иш-чара расмий ачылды

Кечээ, 26-мартта Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда "Республикалык универсиада-2015" деп аталган ири спорттук иш-чараныны расмий ачылышы болду.

Жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасындагы эң масштабдуу мелдештин салтанаттуу ачылышында сөз сүйлөгөн Студенттик спорт федерациясынын президенти Токтобек Иманалиев быйыл студенттер Түштүк Кореяда өткөрүлө турган Бүткүл дүйнөлүк универсиадага катыша турганын эскертти.

"Бул мелдеште жеңишке ээ болгондор Дүйнөлүк студенттер оюнуна жолдомо алат, биз аларды оюнга жөнөтүш үчүн колубуздан келген аракеттерди жасайбыз",-деп убада берди ал.

Эскерте кетсек, аталган иш-чаранын салтанаттуу ачылышында өлкө желегин расмий түрдө грек-рим күрөшү боюнча сутденттер арасындагы дүйнө чемпиону Каныбек Жолчубеков көтөрдү. Ошондой эле салтанаттуу ачылышта кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа тартууланды.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...