Акыркы макалалар

«Өзгөчө» маселелер өзүнчө каралат

«Өзгөчө» маселелер өзүнчө каралат

Жакында Нарын шаардык кеңешинин 26-чакырылыштагы кезектеги 20-сессиясы болуп өттү. Анын күн тартибиндеги12 маселенин ичинде Нарын шаарынын 2015-жылга карата жергиликтүү бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу бекитилсе, дагы бир көп жылдардан бери чечилбей келген маанилүү маселе, облустук оорукананын короосунда жайгашкан эски иимараттар анын жашоочуларынын пайдасына чечилди.

АКСАКАЛДАН АЧЫК КЕП...

Сессиянын күн тартибиндеги маселелерге кошумча маселе катары депутаттар облустук оорукананын короосунда жайгашкан эски имараттардын тагдырын чечүү маселесине сессиянын башында кайрылышып, бул боюнча билдирүүнү шаардын биринчи вице-мэри Алмаз Суранов жасады. Бул маселе боюнча шаардык мэрияга 35 кишинин колу коюлган кайрылуу жолдонгон. Анда эски имараттарды жашоочуларга түз сатуу жолу менен берүүнү суранышкан. Бул маселенин чечилишинин аркасынан түшкөн шаардын жашоочусу, коомдук ишмер, активист карыя Жанабил Абдрахманов 2008-жылдан бери чечтире албай, ар кайсы эшиктерди каккылап, бул жылдар аралыгында 1885 барак документ топтогон.

Сессияда депутаттарга кайрылган Ж.Абдрахманов бул маселе шаардын биринчи вице-мэри А.Сурановдун ишке жоопкерчиликсиз мамиле кылганынан ушул абалга келгенин, ошондуктан биринчи мэрдин орун басарын жоопкерчиликке тартууну токтомго киргизүүнү сунуштады.

- Көпчүлүк маселелер жетекчилердин чийки жасаган ишинин айынан чечилбей калып жатат. Мындай кызматкерлерди кылмышкер десек болот. Депутаттар элдин муңун, зарын чечели деп депутат болгонсуңар. Силер болсо кол коюп бердик деп койдуңар. Силер кол койгон документ силерди баатыр кылып атат. Ал эми кылмышкер кызматкерлер жазасын албай көмүскөдө калып келет. Муну эл билиши керек. –деп ачууланды Жанабил аксакал.

Албетте, аксакал айтмакчы, буга чейин депутаттардын бирөө жарымы 90 жаштагы карыяны ар кайсы жерге түрткүнчүк кылбай бул иштин артынан түшүп, карапайым элге жардамга келгенде, маселе кыйла эрте чечилээри бышык эле. Ал эми олтуруп алып чечимге кол коюп берип, же колун көтөрүп добуш берүү элдин таламын талашып ар кайсы эшикти сүзүп жүргөнгө караганда кыйла оңой иш. Ошентип, депутаттар бул маселе чечилип, чечимге кол коюлганын билдиришип, аксакалды арыдан бери «узатканга» шашылышты. Мэриянын кызматкерлеринин кенебестигинен тарыхка айланып бараткан бул маселени чечилди деп айтканга дале ооз барбай, буюрса! деп туралы, себеби, буга чейин алардын жообуна ишенип «чечилди» деп жазып уят болгон жайыбыз бар.

Сессиянын күн тартибине коюлган дагы бир кошумча маселе Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери С.Андабековдун кайрылуусу боюнча болуп, 91 жашка чыккан ардагердин үйүнө канализация киргизүү боюнча кайрылуусу эки жылдан бери чечилбей келатканы депутат А.Молдосалиев тарабынан көтөрүлдү. Ардагердин үйүнө канализация киргизүүгө уруксат берүүгө депутаттар тарабынан макулдук берилди.

ОРУН БАСАРДЫ ШАЙЛООДОГУ ОЮНДАР...

Дээрлик жарым жылга чукул Нарын шаардык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо маселеси артка жылдырылып келаткандыктан бул жолу да шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибиндеги биринчи маселе «төраганын орун басарын шайлоо» жөнүндө коюлуп, бул орунга азчылыктан Бакыт Балбаев сунуш кылынганы менен каршы чыккан депутаттар да табылды.

- Ушуну менен экинчи сессия төраганын орун басарысыз өтүп жатат. Каршы болуп аткан көпчүлүк коалиция өз позициясын айта албай турушат. Төрага Эрмек Турсуналиев өз милдетин аткара албаган үчүн ушундай болуп атат.- деген оюн билдирди республикачы депутат Максат Жолдошбеков.

Эшикке кеңешке чыккан соң, талаш-тартыш, узакка созулган фракциялар арасындагы «кеңешип» «кептешүү», «ары бери жетелешмей» эч жыйынтык алып келбей, орун басар шайланбаган бойдон маселе кайрадан кийинки сессияга калтырылды. Эшикке чыкканда « коллега байкелеринен» бир сыйра «муштум» жеп келген жаш депутат «эмоцияга» тактапнда ,«кызуу кандуулукка алдырып ийгенин» айтып төрагадан кечирим сураган соң сессия өз ишин улантты.

Бул маселени кароону артка жылдырып «өзүбүзчө карайлы» деп жанталашкан депутаттардын орун басар шайлоодо эмне деген саясий оюну бар экенин сессиянын катышуучулары түшүнө беришкен жок. Бирок, шаардык кеңештин депутаттарынын «бөйрөктөн шыйрак чыгарып» «ызылдай» беришкенине шаардын мекеме жетекчилери, коомчулук көнүп деле бүткөн шекилдүү. Ал эми убакыт токтоп турбай, чечилбеген маселени чечкенге сессиянын бир сааты кенен жумшалды.

АТКАРЫЛБАГАН ТОКТОМДОР, ӨЗ ЖАНЫН БАГА АЛБАГАН МУНИЦИПАЛ...

2013-2014-жылдары Нарын шаардык кеңешинин сессияларында кабыл алынган токтомдордун аткарылышы тууралуу жана Нарын шаардык кеңешинин 2015-жылга иш планын бекитүү тууралуу билдирүүнү Нарын шаардык кеңештин аппарат жетекчиси А.Абдыкеримов жасады.

Нарын шаарынын мэриясынын 2014-жыл ичиндеги жүргүзгөн иштери жөнүндө жана 2015-2016-жылдарга карата Нарын шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн программасынын долбоорун бекитүү боюнча отчет-билдирүүнү шаар мэри Рахат Адиев жасап, 2015-жылдын 1-январына карата экономика жана өнөр жай тармагы боюнча көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 500 миң сомго ашыкча экенин, чекене товар жүгүртүүнүн көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 126, 449 миң сомго өсүш бергенин, ал эми калкка кызмат көрсөтүүнүн көлөмү салыштырмалуу 59 млн 215 миң сомго жогорулаганын баса белгиледи. Салык тармагы боюнча Нарын шаарынын жергиликтүү бюджети салык жана салык эмес кирешеси 2014-жылга карата 80142,0 миң сомго план берилсе, 80509,4 миң сомго аткарылып, Нарын шаардык башкармалыгына салык чогултуу план тапшырма 132655,6 миң сомго аткарылып, 3847 миң сомго көп жыйналган. 2014-жылга карата Нарын шаарынын 2014-2017-жылдарга туруктуу өнүгүүнүн программасы боюнча «Жол картасына» 2 млрд. 527 млн. 198 миң сомдук 77 долбоор ишке ашыруу пландаштырылса, бул долбоордун ичинен 41 долбоорго жалпысынан 833,6 млн. сомго мамлекеттик жана жеке инвестициялар тартылган. Шаар мэринин айтуусу боюнча учурда шаар боюнча ижарага берилген жана муниципалдык обьекттердин саны 720. Тилекке каршы, муниципалдын ички ресурстары көп болгону менен мекеме тарабынан жергиликтүү бюджетке 2208,9 миң сом түшсө, жалпы чыгым 2500,0 сомду түзүп, муниципал өзүн өзү каржылай албай келет. Ошондуктан бүгүнкү күндө муниципалдын бюджетин кантип көбөйтсө болот деген маселе бар. Ал эми муниципал жоопкерчиликтен качып, көптөгөн киреше түшчү булактарын арендага берип келет. Мындан сырткары троллейбустук депосу да чыгаша менен иш алып барууда. Шаардагы дагы эң оор маселелердин бири турак жай маселеси. Учурда шаар боюнча 48 үй менчиктештириле элек болгондуктан токтомдун негизинде быйылкы жылы бул үйлөрдү менчиктештирип берүү зарыл.

Көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалык багытында аткарылган иштер менен бир катар кемчиликтер да жок эмес. Депутаттар тарабынан шаардын көчөлөрүнөн кыркылып, кыйылып жаткан кара бактар кайда кетип атканы суралып, парктарга тигилген көчөттөрдү каралбагандыктан мал жеп, таштандыларды чачып кетип жатканы баса белгиленип, менчик малды кароодо мал ээсинин жоопкерчилигин көтөрүү зарылдыгы эскертилди. Нарын шаарынын бюджетинин акча каражатын үнөмдөө максатында мектеп, бала бакчаларга суу ченемдерин орнотуу маселеси депутаттар тарабынан көтөрүлүп келгени менен бул иш аткарылбай келет. Билим берүү жаатында да арыз-даттануулар көп. Дегенибиз менен, мэрдин айтуусу боюнча билим берүү тармагындагы маселелерди чечүү үчүн шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысын дайындоо-бошотуу укугун колго алуу менен гана маселе чечилет. Саламаттык сактоо маселесинде шаарга жаш дарыгерлерди тартуу көйгөй боюнча калып келет. Учурда иштеп жаткан дарыгерлердин ичинен 35 жашка чейинкилери болгону 5,1 пайызды түзөт. Ал эми калган көпчүлүгүн 55-60 жаштан өткөн дарыгерлер түзүүдө. Депутат Т.Арпачиеванын айтуусу боюнча эң биринчи калктын саламаттыгын ойлоп, бул маселени биринчилерден чечүү зарыл.

Айтылган маселелер боюнча кабыл алынган токтомдо «...шаардын генпланын бүтүрүү, инвестиция тартуу менен чакан кичи ишканаларды ачуу, көп кабаттуу турак жай жана бала бакчаларды курууга алгылыктуу иш аракеттерди көрүү ж.б...» деп айтылган. Буга чейин кабыл алынган жөнөкөйрөөк токтомдор ишке ашпай келгендиктен мындай чоң амбициялуу токтомдун ишке ашырылышында да чоң күнөм бар.

БЮДЖЕТТИН ЖЫРТЫГЫН БҮТӨГӨНГӨ БУЛАКТАР ИЗДЕЛҮҮДӨ...

Нарын шаарынын 2014-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышын бекитүү жана Нарын шаарынын 2015-жылга жергиликтүү бюджетин жана 2016-2017- жылдарга болжолун бекитүү жана 2015-жылдын 1-январына карата калдыкты бекитүү боюнча билдирүүнү Нарын шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы Ж.Урустемов жана Нарын шаарынын башкы салыкчысы Ж.Мамырбаев билдиришти.

2014-жылга Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин аткарылышын бекитүүдө жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 98,8 пайызды, ал эми чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 98,1 пайызды түзгөн.

Нарын шаарынын 2015-жылга жергиликтүү бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу бюджеттик мекеме-ишканалардын берген долбоорлорунун негизинде жана Нарын шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын эске алуу менен түзүлгөн.

Ж.Урустемовдун билдирүүсү боюнча 2015-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 87872,5 миң сом өлчөмүндө пландаштырылса, мунун ичинен салык жыйымдары 70530,5 миң сом жана салык эмес жыйымдар 17342,0 миң сомду түзгөн. Ал эми 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоору 96822,0 миң сом жана 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоору 107569,0 миң сом өлчөмүндө пландаштырылган.

- Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн планы мурунку жылдары түшкөн салыктын динамикасына жана социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн көрсөткүчтөрүнө негизделген, буларга өнөр жай продукциясынын өндүрүшүнүн көлөмү, чекене товардын кыймылынын көлөмү, калктын акчалай кирешелери сыяктуу экономикалык көрсөткүчтөр негиз болуп коюлду.-дейт Ж.Урустемов.

Белгилүү болгондой, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн 63 пайызын мамлекеттик салыктар, 20 пайызын атайын салык режимдери, ал эми 17 пайызын жергиликтүү салыктар түзгөн. 2015-жылдын планы 2014-жылдын бекитилген планына салыштырмалуу 13661,5 миң сомго көп пландаштырылган.

Нарын шаардык кеңешинин сессиясында талкууга алынган соң бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн ичинен билим берүү тармагына 18572, 0 миң сом, маданият тармагына 5916, 5 миң сом, социалдык өнүгүү тармагына 7938, 5 миң сом, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат тармагына 13814,0 миң сом, турак жай жана коммуналдык чарба тармагына 32131,5 миң сом жана башка категорияга кирбеген экономикалык чыгымдарга 8800,0 миң сом өлчөмүндө бекитилди. Мындан сырткары, Нарын шаардык билим берүү тармагына келишим менен кошумча штаттык бирдиктер үчүн 542,7 миң сом акча каражатын кароо, келишим түзүү жана көзөмөл жүргүзүү жагы Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилди.Ал эми Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармасынын социалдык жеңилдиктерге каралган акча каражаттын ичинен 50,0 миң сому Нарын шаарынын кургак учук менен ооруган жарандардын дары-дармегине жана жол киресине каралды.

Салык кызматынын Нарын шаардык башкармалыгынын башчысы Ж.Мамырбаевдин билдирүүсү боюнча учурда шаардык бюджеттин жыртык-тешигин бүтөө максатында башка булактар изделип, дүкөндөрдүн патенттеринин түрлөрүн көбөйтүү иштери колго алынган. Бул жаатта көзөмөл күчөтүлсө киреше салыгы көбөйөт деген ишеним бар экени белгиленди.

Сессияда мындан сырткары Нарын шаардык суу канал ишканасынын таза суу, канализация кызматы үчүн жаңы тарифин жана штрафтык санкцияларды колдонуу эрежелерин бекитүү жөнүндө, Нарын шаарынын аймагында энергетикалык ичимдиктерди сатууга тыюу салуу жөнүндө жана башка маселелер каралып, токтомдор токулду.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...