Акыркы макалалар

Кумга образ берип, жан киргизген Кундуз Рахманалы кызы

Кумга образ берип, жан киргизген Кундуз Рахманалы кызы

Интернет беттеринен айнекке кум менен сүрөт тарткандарды көргөн болсоңуз керек. Кагаздын ордун айнек, калемдин ордун кум алмаштырган көркөм сүрөтчүлүктүн бул түрү чыны менен эле өзгөчө. Көргөн адамды суктандырып, таң калтырбай койбойт. Искусствонун бул түрү менен алектенгендер дүйнөдө саналуу болсо, Кыргызстанда Кундуз Рахманалы кызы- кумга сүрөт тарткан жалгыз талант. Ала-Бука районунун алыскы Көк-Серек айылында туулуп, чоңойгон. Учурда Ош шаарында жашайт. Сейрек өнөрдү алып жүргөн Кундуз менен мына ушул багытта кеп курдук.

-Кундуз, кумга сүрөттү дүйнөдө саналуу гана адамдар тартат. Айтсаң, сен кантип бул өнөрдүн ээси болуп калдың?

- Мен кичинемен эле искусствого жакын болуп чоңойдум десем болот. Сүрөттү жакшы тартчумун, райондогу, айылдагы бардык сүрөт сынактарына катышып, көп эле байгелүү орундарды алгам. Мындан сырткары, биздин Көк-Серек айылында 2 кур бар. Мына ошол жерде ар кандай элестерди, образдарды берген ракушка таштар көп болор эле. Мен андай таштарды жыйнап алып, алардан ар нерселерди жасап, таштарга жан берүүгө аракет кыла берчүмүн. Сүрөт тартууга талантым бар экенин өзүм да, башкалар да билишчү. Ошондуктанбы, мектепти бүткөндөн кийин ОшМУнун искусство факультетине тапшырдым. Студент кезде интернеттен кумга сүрөт тарткан роликтерди көрүп, ага аябай кызыгып калдым. Аны менен ооруп калгандай эле болдум. Хоббиме айланды десем болот. Өз алдынча үйрөнүп, өздөштүргөнгө жетиштим.

Кийинчерээк айнекке кум менен тартылган сүрөттөр аркылуу кандайдыр бир теманы козгогум, айткым келди, кумдан жаралган сүрөттөрдүн жардамы менен бүткөн бир чыгарма жараткым келди. Ага интернеттеги айрым роликтер түрткү болду окшойт. Анан айнекке кум менен тартылган сүрөттөрдүн жардамында 2 видеоролик тарттым. Роликтер интернет аркылуу таратылып, ал эл тарабынан аябай жакшы кабыл алынды. Жакшы сөз, пикирлерин айтышты, алкашты. Ошентип, мени Кыргызстандагы кумга сүрөт тарткан кыз катары билип калышты.

Бир канча видеороликтер тартылды. Сапаты начар болуп калгандары да бар. Бирок мен аларды элге алып чыккан жокмун. Алдыда тарыхый темадагы ролик тартууну максат кылып, 1,5 жылдан бери аракет кылып келатам. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дегендей, турмушка чыгып, төрөп үйдө олтуруп калгандан бери убакыт таппай келем.

-Демек, бул өнөрдү устатың жок эле өздөштүргөн экенсиң да…

-Ооба, айнекке кум менен сүрөт тартууга эч жерде окутуп, үйрөтпөйт да. Искусствонун бул түрү менен алектенген эч кимди таппай койдум. Өзүмдөн кичүүбү, улуубу- иши кылып билген адам болсо деп аябай издедим. Тажрыйба алмашып, билбегендерди андан үйрөнүп, кумду кантип кармап төгүүнү, образдарды кантип ачуунун сырларын үйрөнсөм дегем. Бирок, тилекке каршы, эч кимди таппадым. Менден башка эч ким жок болуп чыкты.

- Сага колдоо көрсөткөндөр болдубу?

- Албетте, болду. Университеттеги агайларыма ыраазымын. Өздөрү билбесе да, мага колдоо кылышып, кеп-кеңештерин, өздөрүнүн ойлогондорун айтып турушту. Алардын айткан-дегендери мага чоң моралдык колдоо, дем берди. Ата-энем, жакын туугандарым бүгүнгө чейин колдоп келишет.

- Азыр үйдө бала тарбиялап, сүрөт тартууга чолооң тийбей жатыптыр. Келечекте кандай болот? Токтотуп коесуңбу, же улантасыңбы?

- Кесибим сүрөтчү болгон соң сүрөтчүлүк менин келечегимди аныктайт деп ишенем. Албетте, сүрөтчүлүктүн айнекке кум менен тартуу түрүн улантып, өнүктүрүп, өстүрүп, жаңы бийиктиктерге чыгарсам дейм. Бул өнөргө жаңычылдык, өзгөчөлүк киргизсем дейм. Балким, эркек болсом, алигиче эл аралык деңгээлге чыгып, көп ийгиликтерди багынтмак белем. Кыз балага бир аз кыйыныраак экен. Баары эле сен ойлогондой болуп, шыр кетпейт тура. Υй-бүлө күткөндөн кийин колу-бутуң тушалып калат экен. Бирок келечекте мен бул жаатта атайын ийрим ачып, таланты, шык- жөндөмү бар балдарды тарбиялап, кумдан сүрөт тартканды билген жаш сүрөтчүлөрдү даярдап чыгарууну максат кылам. Өзүм эл аралык сынактарга катышып, буга чейинки тартылган видеороликтерден кыйла сапаттуу, мыкты роликтерди тартуу планымда бар. Буйруса, убакыт- сааты келсе, ал максаттарыма жетериме ишенем.

Мирбек Нарынбеков

Түп нускага шилтеме : pk.journalist.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...