Акыркы макалалар

Кыргызстан француз ишкерлеринин көңүл буруусуна татыды

Кыргызстан энергетикалык ресурстарга бай эмес, бирок франциялык ишкерлер тарабынан кызыгууга арзыды. Бул тууралуу кечээ Франциянын президенти Франсуа Олланд Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушуунун жыйынтыгында журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, экономикалык чөйрөдө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, муну менен катар суу энергетика жана агрардык өнөр жай комплекси чөйрөсүндө долбоорлорду ишке ашырууда өз ара аракеттерди активдештирүү маанилүү. “Кыргызстан энергетикалык ресурстарга бай эмес, бирок франциялык ишкерлер тарабынан кызыгууга арзыйт”,-деди Ф.Олланд.

Франциянын президенти кыргыз-француз маданий-гуманитардык кызматташтыгын тереңдетүүнүн маанилүүлүгү тууралуу белгиледи. “Биз сиздердин өкмөт менен ынтымакташып, билим берүү жана илим жаатында байланышты активдештирүүгө даярбыз”,-деди ал.

Эскерте кетсек, 25-мартта КРнын президенти Алмазбек Атамбаев өзүнүн Францияга расмий иш сапарынын алкагында Франциянын президенти Франсуа Олланд менен жолукту.

А.Атамбаевдин Европа өлкөлөрүнө иш сапары 1-апрелге чейин созулат.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...