Акыркы макалалар

Абдырахман Маматалиев: “ Чек ара отряддарына психолог адисин бөлүү керек”

Мамлекеттик чек ара кызматынын өздүк курамынын сапатына олуттуу көңүл буруу -учурдагы маанилүү маселелердин бири. Бул тууралуу вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 24-мартта аталган кызматтын коллегиялык жыйынында маалымдады. Ден соолугу начар жоокерлерди курамга алууну токтотуу керек. Ден соолугу жайында эмес балдарды аскерге жөнөткөн аскердик комиссарлардын жоопкерчилигин кароо зарыл. "Бардык факттылардын негизинде тийиштүү органдар дыкат иликтөө жүргүзүп, катаал чараларды көрүшү керек. Жоокерлердин моралдык-психологиялык абалына өзгөчө көңүл буруу талап кылынат. Ошондуктан ар бир чек ара отрядына психолог кызматын киргизүү сунушун киргизем",- деди Маматалиев.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...