Акыркы макалалар

Медиатор деп эмнени түшүнсөк болот?

Жакында администрациянын жыйындар залында «Кыргызстанда чыр-чатактардын алдын алуу жана тынчтыкты куруу» аттуу семинар болуп өттү.

Иш-чарага ушул долбоордун менеджери Джефри Гротон, кеңешчиси Стефан Стояков жана долбоордун Баткен облусу боюнча адиси Гүлкайыр Дүйшөбаева, ошондой эле Исфана шаар башкармалыгынын аксакалдар Кеңешинин төрагасы Файзулла Хошимов, райондук администрациясынын башкы адиси Дилбар Атанова, Исфана шаар мэриясынын алдындагы аялдар Кеңешинин төрайымы Турдугүл Мамашарипова, «Даткайым» аялдар Кеңешинин мүчөлөрү, «Лейлек аялзаты» коомунун жетекчиси Назым Жалилова, айыл Өкмөттөрүнүн орун басарлары, жаштар клубунун мүчөлөрү катышышты.

Семинардын негизги максаты өз ара келишпестиктерден чыккан конфликтердин алдын алуу үчүн атайын медиаторлордун бизге болгон жардамын жакындан тааныштыруу болду.

Медиатор (лат. тилинин medius-ортомчу же үчүнчү нейтралдуу көз карандысыз адам) деген түшүнүккө ээ.

Азыркы учурда Батыш Европа өлкөлөрүндө элдердин ички конфликтеринин 80%ын медиаторлор тарабынан чечилип, сот тармагына караганда 2 эсе көп ишенимге ээ болуп келүүдө.

Бүгүнкү күндө биздин районубузга медиатор керекпи? Бул суроонун аймагында семинарда бир канча талаш-тартыштар болуп, жыйынтыгында анын коомго болгон пайдасы чоң экендигин далилдешти.

Абдирашит кызы Каныкей

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...