Акыркы макалалар

Жаңы мектеп салынууда

Облусубуздун бир топ аймактарындагы мектептер союз убагында курулгандыктан алардын көпчүлүгүнүн эскилиги жетип, заман талабына ылайык жаңы мектеп салуу башкы маселелерден болууда. Чолпон айыл өкмөтүнө караган Оро-Башы айылындагы мектеп ашар жолу менен мындан көп жыл илгери салынгандыктан имараты тар болуп, балдарга окуганга кыйынчылыкты жаратып келген. Мына ушул көйгөй чечилүү алдында турат. «Быйыл бүткүл дүйнөлүк жаштар ассоциациясынын долбооруна өткөрүлүп 32,5 млн сомго курулуш иштери башталды. Азыр керектүү материалдар жеткирилип, пайдубалы түптөлүүдө. Буюрса 1-сентябрь жаңы окуу жылында пайдаланууга берилгени турат»-дейт район акиминин орун басары Садыкова Элмира.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...