Акыркы макалалар

Акыркы жарым жылда импорттук азык-түлүккө болгон баа 15%га өстү

Акыркы жарым жылда импорттук азык-түлүккө болгон баа 15%га өстү. Бул тууралуу КирТАГга өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти, кичи жана орто бизнес боюнча соода өнөр жай палатасынын комитетинин жеьекчиси Гүлнара Ускенбаева шейшембиде билдирди.

«Болжол менен жарым жылда импорттук азык-түлүктөрдүн баасы 10-15%га жогорулады, себеби тышкы соодалоо операцияларынын басымдуу бөлүгү америка валютасы менен жүргүзүлөт», - деди Г. Ускенбаева.

Анын айтымында, учурда доллардын кунунун өскөндүгүнө байланыштуу, баалар бир аз өзгөрдү, себеби ишкерлер өз пайдасын азайтты.

«Бирок алар бааны кармап тура алышпайт да, ошондуктан кымбаттоо болот, канчалык деңгээлде болоору белгисиз», - деди ал.

Белгилей кетсек, Улуттук банктын маалыматы боюнча, өткөн жылдын 24-октябрына карата доллардын орточо куну 56,0787, ал эми бүгүн 62,51 сомду түзүп турат.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...