Акыркы макалалар

Бишкекте март жана апрель элдик революцияларга арналган илимий-практикалык конференция өтүп жатат

Бишкек, 24-март /Минара Ибраева-Кабар/. Бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “2005-жылдагы март жана 2010-жылдагы апрель элдик революциялары: себептери жана сабактары” аттуу илимий-практикалык конференция өтүп жатат.

Аталган конференцияга Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, КРнын премьер-министри Жоомарт Оторбаев, КРнын Президентинин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев, илимий чөйрөнүн, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, ошондой эле март жана апрель окуяларынын катышуучулары чакырылган.

Илимий-практикалык конференция революциялардын чыгуу себептери, натыйжасы жана сабактары тууралуу окумуштуулардын арасында талкуу максатында өтүп жатат. Анын жүрүшүндө окумуштуулардын жана саясатчылардын докладдары угулуп, кыргыз мамлекеттүүлүгүн мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланууда.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...