Акыркы макалалар

Балдар бакчасынын директору: экинчи кабаттан кулаган баланын абалы жакшы

Балдар бакчасынын директору: экинчи кабаттан кулаган баланын абалы жакшы

Экинчи каюаттан кулаган бала бетондолгон жерге түшкөн. Анын баш мээси чайкалганын балдар бакчасынын директору Гүлмира Адылова билдирди.

Экинчи кабаттан кулаган эки жаштагы бөбөк эс-учун жоготкон жок, ал жерге түшкөндөн кийин бети-башы канаган. Бул тууралуу №113 балдар бакчасынын жетекчиси Гүлмира Адылова Sputnik сайтынын кабарчысы билдирди.

Аталган бала бакчанын терезесинен бала жерге кулап түшкөнүнө күбө болгон Жыпара Сыдыкова Sputnik сайтынын кабарчысы билдирген болчу.

№113 "Баластан" балдар бакчасынын жетекчиси Гүлмира Адылова болгон окуя тууралуу кенен маалымат берди. Анын айтымында, балдар жаңы эле сейилдеп келип, тамак жегенге отуруп жатышкан.

"Сейилдеп келгенден кийин балдарды тарбиячы жуундурат, жуунган балдар тайпаларга киришет. Бала караган кызматкер тамак алып келейин деп ылдый түшкөн. Бөлмөдө жалаң гана балдар калган. Анан бул окуя болуп кетти", — деди Адылова.

Балдар бөлмөсүнүн терезеси эмнеге ачык калган деген суроого Адылова "балдарды караган кызматкерлер бөлмөнү желдетүү үчүн терезелерди ачып турат",— деп жооп кайтарды.

"Балким, ал терезени жаппай тамак алып келгени чуркап кетсе керек. Мен андан "эмнеге терезени жапкан жоксуң" деп сурасам, ал унутуп калганын айтты", — деди ал.

Балдар бакчасынын башчысы бала жерге бети менен кулап түшүшү ыктымалдыгын билдирди. Себеби, баланы имаратка алып киргенде анын бети кан болгон.

"Баланын абалы дурус. Биздин медайымдар анын жаратын карап, таңып жатканда аларды колу менен түртүп, өзүнө жакындатпай кыйкырып, чыргоолоду", — деди Адылова.

Шаардагы №3 балдар ооруканасынын дарыгерлери баланын абалы тууралуу азырынча түшүндүрмө бере элек.

Аталган факты боюнча Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгында комиссия түзүлдү. Алар окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүдө.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...