Акыркы макалалар

Курманбек Дыйканбаев: Мэриянын миллиард сомго жакын карызы бар

Жолдордун абалы, шаардын тазалыгы боюнча мэрияга айтылган сындар абдан көп. Кумтөрдүн экологияны бузуп жатканын айтып жүрөбүз. Андан кем калбаган экологияны бузуу жана адамдардын ден-соолугуна зыян тийгизе турган иштер борбор калаада дагы болуп жатат. Бул тууралу депутат марал радиосуна берген маегинде билдирди.

Машине көп, аба таза эмес, жолдор чаң, элдин чөнтөгүн дагы ойлош керек. Буга бийлик жооп бериш керек. Шаарда 450 автобус бар экен, анын ичинен 150 автобус жарактуу, калганы токтоп турат. Ошого убагында тетиктерин алмаштырып оңдоп пайдаланууга берилбей турат. Бөлүнгөн акча коррупциянын механизми менен тендери жок чөнтөккө түшчү экен. Бүгүнкү күндө ар бир тармакка карыз болуп отуруп, мэриянын миллиард сомго жакын карызы бар экен. Токтогул көчөсүн жылда жасашат, жылда бузулат. Жолду оңдомуш этип акча жеп байыган азыр мода болуп калды. Мына ушундай иштер үчүн жооп бериш керек, - дейт Дыйканбаев.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...