Акыркы макалалар

Өзүн тапкан “экинчи Рыспай”

Өзүн тапкан “экинчи Рыспай”

Түштүктө Рыспайдын 60 жылдыгын өткөрүү үчүн алдын ала даярдык көрүү керек эле. Бишкек – Ош жолунда баратабыз. Жанымда – Давлет менен Сюита. Рыспай 50 жылдык мааракесинде алган машинесинин рулунда Давлеттин иниси. Сөздөр түгөнүп, Суусамырдын мизилдеген кең жолуна түшкөн кезде, мени "сокур молдо жетелеп" баратканын көрүп, Давлет машиненин магнитафонун акырын коюп койду. Жалаң Рыспайдын ырлары экен. Мен укпагандары да бар. Дегеним – мен телевидениеге 1986-жылы барганда, радионун казынасында Рыспайдын 22 эле ыры жазылган экен. Анын да экөөсү – Мамат Оморовдун "Кара-Шоросу" менен "Комсомолдук убадасы". Рыспайдын 23 ырын мен ар кандай мезгилде телевидение үчүн жаздырып, кийин радионун казынасына өткөрүп бергем. Андан тышкары, 60 жылдык мааракесине карата ошол ырларынын баарын эки кассетага толтура жазып, Рыспай фондуна өткөргөм. Алиги Рыспайдын ырларынын баарын билет элем дегеним ошондон.

Рыспай менен чогуу концерттеринде же жөн эле коноктордо көп болуп, анын радиого жазылбаган, бирок азыр магнитафондон угуп бараткан ырлары мага тааныш эле. Чейрек кылымдан ашык телевидениеде иштеп, далай өнөрпоздун ырларынын фонограммасын жаздырып, техникалык тазалыгына кулагым канык алып калгам. Ошон үчүн алиги Рыспайдын ырлары студияда эмес, фонограмма жазууга ылайыкташпаган кандайдыр бир залда жазылгандай туюла берди. Мен: "Муну Рыспай каерде жаздырган"? – деп Давлеттен сурасам, ийинин куушуруп, Сюитаны карап, сырдуу жылмайып койду. Дагы эле түгөнбөйт. Бирок Рыспай минтип жаздырбайт эле деген күдүк улам көбүрөөк кыжаалат кыла берди. Анын үстүнө, Рыспай да: "Бөкөнбай, сенин слухуң абсолюттуу", – дээр эле. Рыспайдын үнүн аныктай албай, Давлетке шерменде болмой болдум. Сурасам, кымыйып айтпайт. Анан ал кассета түгөнүп, башкасын койгондо, Рыспайдын мен жазып берген кассетасы ырдала баштады. Оозумду аңырдай ачып туруп калсам, "Баятан бери Жолболду ырдаганын туйган жоксуңбу?" – деп кыткылыктап жатпайбы. Ээ, айланайын, Жолболду чыгармачылыгынын алгачкы чыйырын Рыспайдын ырлары менен баштап, кийин "экинчи Рыспай" да аталып кеткенин жанында жүрүп, далай угуп, мындан отуз жыл мурда "Өзүн табуу" деген макаламда саймедирете ырастап да бергем. Анан ушинтип тааныбай калганыма абдан уялдым...

Жолболду Алыбаев "экинчи Рыспай" атка конгондон баштап Рыспай мектебин ачкан алгачкы шакирти болуп калды. Ага чейин мектепте окуп жүргөндө, Касым авасы чаап берген комузун колунан түшүрбөй, түгөнгүс жомоктору менен Азина чоң энеси анын жан дүйнөсүн биротоло эл чыгармачылыгы менен чырмап койгондой, зергерликтер ага ыр кеседе ыр ырдатмайынча, "Манас", кенже эпостордон үзүндү айттырмайынча кетирбей жүрүп, акырындап өнөр сересине сүрөп чыгарганын сезбей да калган сыяктуу. Анан ошентип ыр дүйнөсүнө башбагып баратканда, радиодон ошол кезде ыр үйрөтчү эле, бир күнү, 1966-жылдар болуш керек, Рыспайдын "Түгөйүм" деген жаңы ырын үйрөтүп калат.

Ошол жыл Жолболдунун тагдырында бурулуш жыл болду. "Түгөйүмдү" оозунан түшүрбөй, "менчиктеп" алгандан кийин Рыспайдын жаңы чыгарган ырларын калтырбай аткарып, үнүнүн, аткаруу манерасынын окшоштугу, аккордеонду вариациялап ойноо чеберчилиги аны "экинчи Рыспай" атыктырды. 1969-жылы Рыспай Бишкектеги филармониядан Ош пединститутунун музыка факультетине окуусун улантканы барганда, "экинчи Рыспайдын" күнү тууп, устатынан айланчыктап чыкпай калды. Ал байланышты 1970-2000-жылдары Жалал-Абаддагы музыка окуу жайларында иштеп жүргөндө да үзгөн жок.

Ырас, "Караматкан", "Казак кызына", "Дилбар ай", "Бир кыз бар", "Туулган жерге", "Билбей жүрөм" сыяктуу обондору менен да өз чыйырын сала баштаган, бирок аткаруу өнөрүндөгү окшоштугу аны Рыспай мектебинен алыс чыгарган жок. Ошондо кыраакы устаты: "Менин ырларымды мага окшоп сенчелик эч ким аткара албайт. Буга мен аябай кубанам. Бирок мени биротоло ээрчибей, өз чыйырыңды тап, ошондо гана обончу аталасың", – деген кеңешинен кийин бир топ жыл өз чыйырын табуу үчүн изденүү жолуна түштү. Бирок Рыспай мектеби аны көпкө туткунунан чыгарбады шекилди.

Канткен менен, тээ жаштайынан эл чыгармачылыгын боюна сиңирип, ошондон улам обондорунан "түштүк мотиви" сезилип турган Жолболду Барпынын чыгармаларына кайрылып, анын "Өзгөчөм", "Мырзайым" деген текстине обон чыгарат. Булар кыргыз музыка өнөрүндө эл чыгармачылыгынын жаңы бир көзүн ачкандай болду. Анткени буга чейинки дастан, санат, терме ырлары белгилүү элдик ыргактын чегинен чыккан эмес. Ал эми Жолболду ошондогу "түштүк мотивин" бүтүндөй кыргыз эли сүйүп уккудай, чыгармачыл адамдар өз өнөрүндө пайдалангыдай деңгээлде жеткирди. Ошондон удаа өз сөзүнө жазылган "Чолпонум" деген дастаны кыргыздын ашыктык ырларынын ичинен сүйөрман күйөрмандардын гимни болуп калды. Айрыкча батышты туурап, жүрөктөрдү эмес, буттарды тыбыраткан, кара сөз болууга жарабаган жармач тексттерге ар кай жерден өөнөп алган обондорун кыйкырык-сүрөөнгө салган эстрада "жылдыздарынан" жадай баштаган орто жана улуу муундун угуучулары үчүн Жолболдунун дастандары, термелери элдик башатыбызга кенен жол ачкандай болду. Ошон үчүн ЭлТР элдик каналы анын аткаруусундагы күү, дастан, термелерди байма-бай берип, элибизге жат эстрада (жакшыларын айткан жокмун) улуттук уңгубузду унуттуруп баратканда, "Манастай" дүйнөдө теңдеши жок улуу дастанды берген, башкалардан элдик өнөрү менен айырмаланган кыргыз жүзүн тааныткан элдик башатыбызга багыт алышыбызга ушул Жолболду башкалардан көбүрөөк баштооч болуп баратканын танууга болбойт.

Адилет жана арымдуу эмгектин акыбети кайтпай койбойт. Ж. Алыбаев 1983-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасына, 1993-жылы "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" наамына, 1995-жылы "Манас-1000" медалына, 2005-жылы "Кыргыз Республикасынын эл артисти" наамына татыктуу болду. Бул курулай санактын ары жагында Жолболду эмгек жолунда кандай баскычтарды басып, кандай сыйга татыктуу болгону көрүнүп турат. Ал курулай санактын ары жагында Жолболду кыргыз музыкалык маданиятына канчалык эмгек сиңирип, алтын казынага кылымдарды карытар чыгармаларды жазганы, ошону менен келечек муунду улуттук жүзүнөн ажырагыс дөөлөттөр менен камсыз кылып койгону камтылган.

Андай озуйпа бардык эле өнөрпоздордун маңдайына жазылган эмес. Анткени, "тулпар – тушунда" дегендей, мыкты өнөрпоздор да кээде чейрек кылымдан кийин унутта калат. Ал эми эл чыгармачылыгынын бийик сересине жеткен Ж. Алыбаев – кылымдар бою жашап калуучу өнөр эгеси. Бирок ошол өргө чапкан өнөр башында башка "рыспайчылар" жете бербеген "экинчи Рыспай" деген өзүнчө бийик наамы турат. Аны Рыспайдын чыгармачылыгына байланышкан бардык сынактарда баш байгени бербегени ырастап турат. Рыспайдын экинчи өмүрүнүн башында анын эң башкы насыятчысы катары Ж. Алыбаев турары да өзүнчө бир айтып бүткүс сыймык.

Автор Бөкөнбай Боркеев

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...