Акыркы макалалар

ИИМдин демилгеси менен Москвада эрежесиз эр уруш

 ИИМдин демилгеси менен Москвада эрежесиз эр уруш

Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган эл аралык турнир 4-апрелде өтөт.

Москва шаарында ММА версиясы боюнча эл аралык "Элдердин достугу кубогу" өтөөрүн Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

4-апрелде боло турчу турнир Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналат.

Бул мелдеш КР Ички иштер министрлигинин жетекчилиги жана Кыргызстандын ММА федерациясы менен биргеликте Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулууда.

Мелдешти Россиянын белгилүү ринг-анонсер Александр Загорский алып барат. Супер алтын кур үчүн беттеш Алексей Гуреев (Россия) менен Тилек Жээнбековдун (Кыргызстан) ортосунда болот. Ошондой эле, "Айкөл" жана "Айкөл Манас" клубдарынын тарбиялануучулар Урматбек Уулу Полотбек менен Муктаров Адилетбек Алтын кур үчүн күч сынашат.

Андан сырткары Россия, Казакстан, Белоруссия, Украина, Армения, Азербайжан жана башка мамлекеттерден тандалып келген мушкерлер күч сынашат.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...