Акыркы макалалар

УЛУТТУК ДААМДЫН УҢГУСУ УЛАНУУДА

УЛУТТУК ДААМДЫН УҢГУСУ УЛАНУУДА

Күн менен түн теңелип, жаңы жыл катары саналган Нооруз майрамына карата сүмөлөк менен көжө бышырылып, дасторконго жети түрлүү даам коюлат. Деги эле, тамак-аш калктын материалдык маданиятынын бир бөлүгү. Андыктан, улуттук даамдарды жасоо, сактап калуу, аларды кийинки муундарга үйрөтүп, калтыруу баарыбызга парыз. Төмөндө унутта калган тамак-аштардын уңгусун улаган айымдардын бири катары таанылган Калипа Жакыпова менен кыргыз даамдары тууралуу ой бөлүштүк.

- Калипа эже, Нооруз майрамы босогобузга кирип келди. Алгач сүмөлөктүн келип чыгышы, жасалышы тууралуу кеп салып берсеңиз?

- Сүмөлөктү даярдоонун камылгасы жаңы жылга 10-15 күн калганда башталат. Алгач так сандагы өлчөмдө жакшы сапаттагы буудайды тазалап жууп, бир күн сууга чылап коюу керек. Эртеси көпкөн буудайды супаранын же тактайдын бетине жайып, өтө кургап кетпеши үчүн улам суу чачып, жылуу жерде кармайт. Буудай он бир күн өндүрүлөт, андан соң сокуга салынып, жанчылат. Абдан эзилген буудай чараларга салынып, суу куюлат. Беш кило буудайга он килодой май керектелет. Айтмакчы, сүмөлөктүн шааниси бир эле адам эмес, көпчүлүк чогулуп, бышырганда. Келгендер өздөрү менен кошо бири майын, дагы бири унун, мейиз, өрүгүн көтөрө келет. Адеп майга жети токоч бышырып, куран окутулат. Буудайдын ширелүү суусун сүзүп, казандын кулагынан бир карыштай кем кылып куюлат. Анан ага таза эленген ун салынып, чалынат. Башка азыктар да майдаланып казанга салынат да, от бир калыпта жагылып, он эки саат үзгүлтүксүз аралаштырылып, бышырылат. Бул учурда жакшы каалоолор айтылып, тилектер тиленет. Түндү кыскартып казан тегеректеген ак жоолукчан кыз-келиндер:

Ар дасторкон түрлөнөт,

Аштын куту сүмөлөк.

Жашыл майса жараткан

Жаздын куту сүмөлөк – деп кыңылдап ыр ырдашат. Сүмөлөк бышканда казандын үстү жылуу жабылып, 5-6 саатча демделет. Айыл аксакалдары, байбичелер келишип, өтүп кеткендерге куран окуп, бата тилешкенден кийин казандын капкагы ачылат.

Сүмөлөк байыртан ширелүү, гүлазыктуу, касиеттүү, ыйык тамак катары саналган. Анын келип чыгышы ачарчылыкка кабылган калкка байланыштуу айтылат. Ата-бабалар, абалкы энелерибиз ачарчылыктын апаатынан элди аман сактап калган касиеттүү сүмөлөктү жакшы тилек айтып, үч жолу чыпалак менен ооз тийиш керек.

- Бир катар фестивалдарда улуттук тамак-аштарды көргөзмөлөргө даярдап келип, бул үчүн байгелүү орундарды жеңип алып, сыйлыктарга да ээ болгонуңуз бар.

- Ата-бабаларыбыз илгертен бери жасап келаткан тамак-аштын 200дөн ашуун түрү белгилүү. Булардын ичинен мен токсондон ашуун түрүн даярдайм. Эл арасында жок болуп кеткен тамак-аштардан бышкан сүрсүгөн этти, сүрсүгөн эттен куурдакты жасап жүрөм. Этти сүрсүтүш үчүн жаңы кезинде бир аз сергитип, тобурчакка ыштап, унга салып коюу керек. Куруттун майдасына талкан, бал кошуп, гүлазык жасайм. Ата-бабаларыбыз муну көчкөндө чаначка салып алып, кымыз менен кошо ичип-жеп жүрүшкөн. Бышкан каймакка талканды көөлөп койсо, бул да балдар үчүн витаминдүү азыктардын бири.

- Нан, сүт азыктары тууралуу айтсаңыз?

- Нандын он жети түрүн жасап көрдүм. Камырдан жасалган кургак оокаттардын эң кадырлуусу - каттама. Ал эми боорсок “Борсойгон боорсок”, “Быштак боорсок”, “Күлгүн боорсок”, “Көөкөр”, “Сайма”, “Бытыра боорсок”, “Чий боорсок”, “Куймак” деген сыяктуу түрлөргө бөлүнөт. Мисалы, чий боорсок бышканда жоондугу бармактай болушу шарт. Мурда аны чийдин үстүнө тоголотуп, чийдин изин түшүрүп, анан кесишчү. Ошондуктан, чий боорсок аталып калган. Чак-чактын түрлөрү бар. Камырдан оромо, жупка жасалат. Жупка - сыйга берилген тамактардын бири. Буудай ундан солкулдак камыр жууруп, эң жука жайып, мешке табага бышырып, үстүнө сары май салып, ысык, жумшак болсун үчүн биринин үстүнө бирин коюп, дасторконго коюшкан. Өз кезегинде суусундуктар, сүт азыктардын түрлөрү тууралуу айтпай кетсек болбойт. Суусундуктарга кымыз, максым, бозо, чалап, уй кымыз сыяктуулар кирсе, сүт азыктарынын сүт, айрандан баштап, куруттун ондогон түрлөрү бар.

- Элге-журтка майрамдык каалоо-тилегиңизди айта кетсеңиз.

- Ылайым, элибизде токчулук, молчулук болсун, ырыскыбыз кемибесин! Дасторконубуз жайыл болуп, жалаң жакшылыктарга жайылсын!

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...