Акыркы макалалар

«ЭНЕКЕМ - МЕНИН БЕЙИШИМ»

Укканда жан дүйнөнү жаркытып, сезимди сергиткен ушул сөз жазылган майрамдык кечени бөтөнчө боорукерлиги, сезимталдыгы, дүйнөнүн чар тарабындагы калкы жарды жашаган мамлекеттердин элине, айрыкча тагдырдын оор сыноосуна кабылып, атасынан айрылган баланын, жесир энеге жасаган болуп көрбөгөндөй болгон кайрымдуулугу менен атпай кыргыз журтунун кадырман адамы Саид Баюми жетектеген Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын өкүлдөрү өткөрүштү. Майрамдагыдай кооз жасалгаланган М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык мамлекеттик музыкалуу драма театрынын залына райондордон келишкен аталган ассамблеянын жаш достору менен алардын апалары айымдардын улуу майрамы менен атайылап куттуктап, демейдеги жөлөк пулду таратууга келген ардактуу мейман ассамблеянын вице-президенти Мухаммад Абдулькаримди дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алышты.

«Энеге жасалган жакшылыктын сообу эки эсе көп болот, энеге урмат жана кызмат атадан мурда келет»,-деп айтылган хадис шарифтериндеги бул улуу сөз жашоону жаркытып ,өмүрдү байытып келген энелерге гана арналгандыгын айткан Мухаммад Абдулькарим өз сөзүндө өлкөнүн бардык аймактарында социалдык тармактарга колдоолор көрсөтүлүп келе жаткандыгын, республика боюнча 1700 атасынан айрылган балдарга ай сайын 1350 сомдон жөлөк пул берилип, ага бир жылда 21 миллион 600 миң сом, кышкы жана жайкы кийимдерине 2 млн. 600 миң сом каражат жумшалып, ден соолуктарына да камкордуктар көрүлөөрүн айтып өттү.

Теңиртоолук балдар, энелер ар дайым жүрөгүнүн борборунда тураарын, Нарын мамлекеттик университети менен болгон кызматташтыктан улам ачылган Араб борборунда студенттерди ыймандуулукка, өз элинин чыныгы мекенчил жаштарынан болууга тарбиялоодо айтаарлык иштер аткарылып жаткандыгына сыймыктангандыгын баса белгилеген ардактуу мейман андан аркы сөзүндө балдарды баарыдан мурда ыймандуу болууга, сабактарын жакшы окуп, бир кесиптин ээси болууга чакырды. Ал эми жубайларынан айрылган жалгыз бой апаларды уул-кыздарына жакшы тарбия берүүгө, окуусуна көңүл бурууга, ден соолугуна, жүрүм-турумуна, адеп-ахлагына маани берүүгө чакырды.

Салтанатта ар бир балага 4000 сомдон акча, жана таттуулар таратылып, «Баатыр энелерге», томолой жетимдерди баккан опекундарга «Мээримдүү эне» номинациясы жана баалуу белектер тапшырылып, өнөрпоздордун аткаруусундагы жагымдуу ырлар маанай жаркытты.

Майрамдык кечеде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Абдыраимакунова, Нарын шаарынын вице мэри Алмаз Суранов, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору Дамира Өмүралиева чыгып сүйлөшүп, кайрымдуулуктун кайталангыс мыкты өрнөгүн көрсөтүү менен кудайга элге да жаккан Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн он беш жылдан бери Нарын облусунун калкына социалдык көптөгөн колдоолорду көрсөтүп келе жаткандыктарына ыраазычылыктарын айтышты. Жараткандын сыноосунан көңүлү өксүк балдарды маңдайынан гана сылап койбостон атанын жогун жоктотпой апаларынын балдарын багып чоңойтуудагы түмөндөгөн түйшүгүн тең тартышып, мактап айтаарлык жардамдарын көрсөтүп жаткандагы мындай бир туугандык, боорукердик сезимдери жараткандын жактыруусуна арзып, жашоолорунун жаркын болушуна аруу тилектерин жолдошту.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...