Акыркы макалалар

ДОЛОН ЖОЛУ АСФАЛЬТТАЛАТ

Быйылкы жылы Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Долон ашуусунан бери карай 45-50 чакырымдай жолго асфальт төшөө жумуштары жүрөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жолдордун абалы менен таанышуу учурунда аталган жолду куруп жаткан Кытай-Кувейт биргелешкен «Копри Синогидро Джоинт Венчур» жол куруучу компаниясынын долбоор боюнча деректири Лю Жуно билдирди.

Долондон бери карай Кызыл-Белге чейинки жолду ноябрь айынан баштап №41 жол тейлөө ишканасы карап келген. 15-марттан баштап жогоруда сөз болгон компанияга өткөрүп берди. Ишкананын жумушчулары буга чейин жолдордун аң-чөнөк болуп калган жерлерине топурак аралашкан шагыл төгүшүп, түздөө иштерин жүргүзүп турушкан. Алардын аткарган иштерин көрүп жүрүп облус жетекчиси Аманбай Кайыпов Кара-Үңкүр аймагы менен Оттук айылы ары-бери өткөн автоунаалардын чаңына каларын эске алып, дал ушул айылдын ичинен өтө турган жолду биринчилерден асфальттоону колго алууну «Копри Синогидронун жетекчилигинен өтүндү. Ошондой эле дагы да таш кулоо коркунучу бар 313-чакырымдагы аска бетин кеңейтип алып коопсуз кылып жасап берүүну сунуштап, тийиштүү уруксат кагаздарын алып берүүнү жана Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кошумча каражат бөлдүрүүнү өз моюнуна алды. Фирманын өкүлдөрү бул өтүнүчкө макулдугун билдирди.

Лю Жунонун айтымында өткөн жылы Долон ашуусун жапыздатып, Эмгекчил айылына жакын аймактагы айрым жерлердин негизин даярдоого көп убакыт сарпталып, 11 чакырым жолго гана асфальт төшөлгөн. Быйыл Долон-Кызыл-Бел ашуусуна чейинки эл аралык жолдун калган 93 чакырымынын жок дегенде жарымына асфальт төшөө пландалууда.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...