Акыркы макалалар

ГОРБЕНКОНУН ОРДУНА НАРВАЕВ

Александр Владимирович Нарваев «Жогорку Нарын ГЭС»жабык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу 18-мартта компаниянын басма сөз кызматы билдирди. Ал эми башкарманын мурдагы төрагасы Игорь Горбенко үй-бүлөлүк шартына байланыштуу өз каалоосу менен кызматтан кетти.

А.Нарваев 1977-жылы туулган, үй бүлөлүү, эки баласы бар. 2000-жылы Томск политехникалык институтун машина куруу технологиясы адистиги боюнча бүтүргөн. 2009-2013-жылдарда Саяно-Шушенск ГЭСинде өндүрүштү даярдоо бөлүмүнүн начальниги болуп иштеген. 2013-жылдан «РусГидро» ААКтын Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча дирекциясынын башкы эксперти кызматын аркалаган. Ушул эле жылдан «Жогорку Нарын ГЭС» жабык акционердик коомунун башкармасынын мүчөсү.

«Жогорку Нарын ГЭС» жабык акционердик коомунун башкармасынын курамы да жаңырды. Башкарманын мүчөлөрү: А.В.Нарваев, К.А.Такырбашев, Ч.Т.Акунов, М.Д.Кирьянов, И.И.Наидко.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...