Акыркы макалалар

Азаттыктыктын кунун аңдап-билгендер

Азаттыктыктын кунун аңдап-билгендер

Чүй облусунун Степное айылында жайгашкан №2 аялдар колониясына журналисттер менен бардык. Эркинен ажыратылып, абакта олтурса да алар аялзаты да, аялдык назиктикти, сулуулукту даңазалай, ар түрдүү түстөгү кооз кийимдерин кийип алышкан.

Эңсегени – эркиндик

Жатаканаларын отряд деп аташат. 1 отрядда 50-60 аял жашайт. Жалпысынан, ал жерде 285 аял кармалат. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Советбек Арбаев жалпы аялдарды майрамы менен куттуктап, 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата 91 аял амнистияга чыгаарын айтканда, абактагы аялдар сүйүнгөндөн катуу кол чабышты. Канчалык күлүп-жайнап, канчалык телегейи тегиз сезилгени менен капастагы чымчыктай камалбай, эркиндикке оболоп учууну каалаган көздөр карегиме кадалды. Алардын каалоосу – эртелеп эркиндикке чыгуу.

Абактын бир капталында “Келечек” фабрикасы жайгашкан. Абактагы аялдар анда ар түрдүү кийимдерди тигишет. Директору Фан Мин Гун жакшы иштеген аялдарды майрамы менен куттуктап, 3 аялга 1000 сомдон, 4 аялга 500 сомдон, 6 аялга 400 сомдон жана 10 аялга 350 сомдон акчалай сыйлык берди. Ошол күнү абакта христиандардын сыйына турган бөлмөсү жана йога менен машыга турган залы ачылды. Мунун ачылыш урматына шарлар асманга кое берилди. Кайдадыр учуп кеткен шардай булар да бийикке учуп кеткиси келгенин узата караган көздөрүнөн байкабай коюуга болбойт. Ага улай салынып жаткан имарат намазкана болмокчу. Ал 21-март күнү ачылат.

Жаштыкка, мастыкка тойбогон кыздар

Андан соң бардыгы абактагы клубга киришти. Клубдун ичин аялдар өз колу менен майрамга карата абдан кооз жасалгалашыптыр. Кесилгендердин ичинде талантка бай кыз-келиндер көп экен. Жаштыкка, мастыкка тойбой, сахнанын көркүн ача бийлеп-ырдаган кыздар. Фонограмма менен орусча, кыргызча ырларды келиштире ырдашса, клубдун ичиндегилердин көңүлдөрү ачылып, турган жеринде эле бийлеп киришти. “Эненин мээримин сагындым” деп ырдашса, көзүбүзгө жаш алдык. Эркек кийимин кийинип, мырза болуп бийлешти, Сердючка да болушту. Куудулданып, күлкүлүү номерлерди да аткарышты. Концертти алып барган супсулуу цыган кыздар экен. Улам бир көйнөк алмаштырып, жадырап-жайнап, бир ырдап, бир бийлешет.

Бир отрядда жашагандар бири-бирине абдан жан тартышат. Авторитетине карай боор оору, сыйлоо болуп тураарын байкадык. Колонияда кесилгендерди тескеген 60тай кыз-келин иштейт. Көбүнчөсү жогорку билимдүү, аскер формасын кийип алып, аялдардын арасында тартип орнотот. Алардын ашыкча тескей берүүсүнөн тажагандарды да байкадык. Качып кетүү фактысы катталган эмес.

“Өлтүргөнүмө өкүндүм, бирок кеч эле…”

Татынакай кийинип алып, чачты кое берип, жакшынакай бийлеп жүргөн кыз көңүлдү өзгөчө өзүнө бурду. Жашоого, жаштыкка тойбогон көздөрү, активдүү кыймыл-аракети адамды суктандырат. Маектештик. Аты Жамила экен. Бишкек шаарынан. 24 жашында өзүн коргойм деп 46 жаштагы адамды өлтүрүп алган. “Азыр ошол учур болсо, баарын башкача кылмакмын”, — дейт. Өлтүргөнүнө өкүнгөнү менен кеч болуп калган. Өзү жогорку билимдүү. 3 жылдан бери абакта отурат. “Бул жашоодо кокустуктан эч нерсе болбойт, бардыгы кудайдын жазганы менен” дегенге толук ишенет. Мунапыска илинип калсам, быйыл эркиндикке чыгам деп үмүттөнөт. Ата-энеси, өзүнөн кичүү иниси, сиңдиси келип турат. Абактан чыккандан кийин алган билими боюнча жумушка кирээрин жана турмушка чыгаарын айтты.

Отургандардын арасында коляскачан аял көзгө урунбай койбойт. Анын аты Дилфуза. Улуту өзбек, Оштон келиптир. 22 жашында авариядан эки буту баспай калган. Ата-энеси жок. Бир жыл мурда баңгизат ташыгансың деген күнөө менен соттолгон. Азыр 32 жашта.

Айжаркын Нарындан келген. Отурганына 4 жыл болду. “Киши өлтүрүп алдым, түртсөм эле өлүп калды”, — дейт. Абактын ичинде көмүр, отун таратып, айына 800 сом акча табат. Анын жарымына самын, тамак-аш алса, жарымын карточкасына салып, бухгалтерияга топтойт. Топтолгон акчаны түрмөдөн чыгып баратканда алып кетем, — дейт. 17 жыл тамеки чеккен, бул жерден чеккенин таштаган. Абактан чыкса, Нарынга ата-энесине барат. Алардын төрүндө отура бербей, күйөөгө тийерин айтат. Баса, абактын ичинде отургандардын жарымы тамеки чегет. Тамеки чегүүгө тыюу салынган эмес.

Кийинки маектешим Бермет болду. Болгону 20 гана жашта. Колунда көтөргөн 1 жаштагы Бекзат аттуу уулу бар. Адам уурдоо беренеси менен келип түшкөн. Күйөөгө тийгенден кийин боюна болбой жүргөндө Кызыл-Кыядагы базарда бирөөлөр баласын карай тур деп кетип калса, аны үйүнө көтөрүп кетип, багып алган. 9 ай баккан баласын таап, буга каршы арыз жазышкан. Түрмөгө түшкөндөн кийин өзүнүн боюнда бар экенин билген. Азыр баласы менен жашайт. Эркиндикке караганда балага тамак-ашты жакшы беришет, — дейт. Эч нерседен кем-карчы жок, курсактары ток, бала багып эле отурат. Күйөөсү келбейт, балким колу бошобой жаткандыр, — деп боолголойт.

Тамара 7 жылдан бери абакта отурат. Адам өлтүрүү беренеси менен келген. 1982-жылы Улуттук университеттин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. Группалаш, курсташтары белгилүү адамдар. Бирок, ал өзүн адам өлтүрдүм дебейт. Жолдошу экөө 5 балалуу болуп, Бишкекте дүкөнчө ачып иштетип жаткан бир күнү аларга тааныш аял келип калат. Ал арак ичип отуруп, кечинде кетээрде балдары үйүнө жеткирип коет. Бирок, анын кайтыш болуп калганын 10 күндөн кийин угат. 3 айдан кийин “арак менен ууландырып өлтүргөнсүң” деп күнөө коюп, соттотуп жиберишет. Адвокаты “сизде бир да күнөө жок, баары далилденип турбайбы, сөзсүз чыгарып алам” деп 2 миң доллар алып, ошол бойдон жок болот. Ошентип, күнөөсүз күнөөлөнүп, абакка кирет. Азыр күйүтүн ыр жазуудан чыгарат.

Абактын ичинде ар түрдүү тагдырдагы кыз-келиндер менен сүйлөшүп, сыртка чыктык. Алардын арасында күнөөсүн мойнуна алгандары да, “күнөөсүз эле келип калдым, башыма жазылган тагдыр ушул экен” дегендери да бар. Кандай болгон күндө да баарыбыз кудайдын колундагы пенделербиз. Кудай адамзатты жамандыктан сактасын!

Сымбат Максутова

Түп нускага шилтеме : erkintoo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...