Акыркы макалалар

Көк-бөрү: "Талас" жана "Сары-Өзөн" "Нооруз-2015" турниринин финалында оюн көрсөт

Көк-бөрү: "Талас" жана "Сары-Өзөн" "Нооруз-2015" турниринин финалында оюн көрсөт

Кечээ, 19- мартта, Бишкектин "Ак-Кула" ат майданында көк-бөрү боюнча уюштурулган "Нооруз-2015" турниринин жарым финалдык мелдеши аяктады.

Кыргызстандын көк бөрү федерациясынан маалымдашкандай, бул жылы турнирге 4 топко бөлүнгөн 12 команда катышууда.

"А" тобунда: "Достук", "Талас" жана "Токмок" командалары ойноду, экинчи топто: "Ак-Кула", "Ак-Суу" жана "МВД", "С" тобунда: "Ак-Талаа", "Көк-Жал" жана "Бөрүлү" командалары, ал эми акыркы группага: "Ысык-Көл", "Казарман" жана "Сары-Өзөн" командалары кирген.

3 күн аралыгында топтор 2 мачттан оюн көрсөтүштү. "А" тобунан "Талас" тобу "Достук" тобун (3:2) эсебинде артка калтырган. Ошондой эле "Токмок" тобун дагы жеңип алып, жарым финалга чыккан (20:3). "Достук" менен "Токмок" топторунун таймашында "Токмок" чоң жеңилүүгө дуушар болгон- 18:2.

Экинчи топто калган эки команда "МВД" тобуна атаандаш боло алган жок. Ал алгач "Ак-Кула" тобун (14:4), андан соң "Ак-Суу" тобун (15:3) эсебинде жеңип чыкты.

Үчүнчү жарым финалчы болуп "Бөрүлү" тобу табылды. Ал "С" тобунан биринчи оорунду алды. Өз кезегинде "Бөрүлү""Ак-Талаа" тобун (13:0) жана "Көк-Жал" тобун (6:0) эсебинде жеңип чыкты.

Акыркы болуп жарым финалган "Казарман" (16:5) жана "Ысык-Көл" (3:17) топторун артка калтырып, "Сары-Өзөн" чыкты. Кечээ биринчи жарым финалдык мачта "Нооруз-2014" турниринин жеңүүчүсү "Талас" тобу "МВД" командасын 4:0 эсебирне кургак жеңип алган. Экинчи мачта финалга чыгуу үчүн "Сары-Өзөн" 12:3 эсебинде "Бөрүлү" тобун жеңип чыккан.

Эми 21-мартта финалда "Талас" жана "Сары-Өзөн", ал эми үчүнчү орун үчүн "МВД" жана "Бөрүлү" күч сынашат.

Эскерте кетсек, өткөн жылы финалда "Талас" "Кабылан" командасын 3:2 эсебинде жеңип чыккан. Ал эми "Суусамыр" "Бөрүлү" тобун 5:3 эсебинде жеңип чыгып коло медалынын ээси болгон.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...