Акыркы макалалар

ТОО БООРУНДАГЫ КУРУЛТАЙ

ТОО БООРУНДАГЫ КУРУЛТАЙ

Кубатбек Осмонов фотожурналист, Кыргыз чоросу

Улуттук Улуу Курултайдын 2011-жылдын сентябрь-ноябрь айларында эки этап менен өткөрүлгөн жыйындын Резолюциясынын 12-пунктунда мындай деп жазылган: «Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгү көздүн карегиндей сакталсын, кошуна мамлекеттер менен болгон чек ара маселелери такталып, делимитация жана демаркация иштери аягына чыгарылсын. Ар кайсы жылдары ижарага берилген жерлерди (Сох, Советабад, Шахимардан, Ворух ж.б.) кайтаруу иши колго алынсын».

Ушул чечимдин өз убагында жана келечекти көрө билүү менен кабыл алынгандыгын бүгүнкү кырдаал көрсөттү. Улуттук Улуу Курултайдын Улуттук Кеңеши, Даанышмандар кеңеши, «Кыргыз Чоролору» коомдук бирикмеси тарабынан «Кыргыз Туусу» гезитинин басма сөз борборунда уюштурулган «Мамлекеттик чек ара жана коргонуу коопсуздугу» темасындагы кереге кеңеште коомчулуктагы мекенчил, улуу-кичүү адистердин катышуусу менен Сох анклавынын жанындагы ж.б. чек ара, кен байлыктар маселелери кызуу талкууланып, Элдик курултай кыймылынын аксакалдары, чоролору, жаштары тынчсыздануу менен кырдаалды баалап, элдик жыйырма мекенчил уюмдар менен биргеликте Кыргыз Республикасынын бийлик башчыларына төмөнкүдөй талап менен кайрылган эле:

1. «Элдик Курултай жөнүндө» мыйзам тез аранын ичинде кабыл алынсын.

2.Улуттук Улуу Курултайдын (2011-жылы, сентябрь-ноябрь) Резолюциясынын 12-пунктунда көрсөтүлгөн талап кечиктирилбей аткарылсын.

3. 2013-жылдын бюджетине өзгөртүү, толуктоо киргизүү менен чек араларды бекемдөө, тактоо маселеси үчүн жетиштүү каражат каралсын.

4. Мамлекеттик деңгээлде чек ара жана коргонуу коопсуздугуна, идеологиялык жана экономикалык коопсуздукка өзгөчө маани берилсин.

5. Кыргызстанга көчүп келип, жарандыгын алууну каалаган чет өлкөлүк кандаштарыбызга Баткен жана башка чек арага жакын ээн калып жаткан аймактардан жер тилкелерин берүү каралсын...

Ѳткѳн жумада Улуттук Кеңештин мүчөлөрү жана «Кыргыз чоролорунун» ѳкүлдѳрү Баткен дубанындагы оор кырдаалдар менен ордунан таанышып, алгач Согмент, Чарбак айылдарындагы жабырлануучулар жана элдин жоон тобу менен жолуктук. Ал жерде чарбак чек ара заставасын бекемдөө, өздүк курамын көбөйтүү зарылдыгын туура көрүп, намыстуу, мекенчил эркектердин катарынан чоролорду түптөдүк. Газ айылынын К.Жапаров, Ж.Куралов, А.Исманов, Р.Мааткеримов өңдүү жаштары, С.Жусупбеков, С.Нажимидинов аталар «Кырк чорону» түзүү демилгесин өздөрү алышты. Ал эми Баткен шаарындагы жыгач жана темир устачылык лицейинде дубандын ар кайсы айылдарынан келишкен зирек жигиттер «Кырк чоро» түзүмүн өз ыктыярдуулугу менен түптөштү. Абдырасул Мусаев жетекчилик кылган «Кырк чоро» тобу болсо ар кимиси ѳз айылдарында чоролордун тобун түзүү укуктарына ээ болушту. Жол тосуп, реалдуу талаптарды коюп жатышкан эки жүздөй мекенчил атуул менен жолугушканыбызда, алар ѳздѳрү койгон талап аткарылмайын тура берерин айтышты.

Сапарыбызды улантып, андан ары Кадамжай районуна караштуу Майдан айылына келдик. Кѳйгѳйлѳрү боюнча бул жердегилер көңүл борборундагы Таластын «Жер-Үйүнөн» ашып түшүптүр. Акыйкаттыкты издеген сексен-токсон жаштагы таякчан абышка-кемпирлер баш болуп, алтын бар деген тоонун бооруна чыгып барышты. Мекенибиздин баалуу кен байлыктарына ачкүсөндөй көз арткан суук көздөр бул жерге да жетиптир. Апрель окуясынан кийин эл менен «эсептешпестен» эки жолу изилдөө, жардылууларды жасап бүлүнткѳн австралиялык фирма кубаланып кетиптир. «Шамбет-Сай» алтын кенин иштетүү үчүн австралиялык «Зетэксплорер» компаниясы лицензияны Бакиевдин тушунда, 2008-жылы мыйзам бузуу менен алган. Мыйзам эрежелерин такыр эле сактабаган компаниянын лицензиясын жокко чыгаруу маселеси Жогорку Кеңеште туура коюлууда. Экологиялык, техникалык жана геологияга байланыштуу эрежелерди сактабаган, жергиликтүү, ошондой эле жалпы кыргыз коомдук угууларды ѳткѳзбѳгѳн, буга чейинки геологиялык изилдѳѳлѳрдѳ келтирилген чыгымдарды тѳлѳбѳгѳн компанияга Майдан айылынын тургундары каршы тураарын, зыяндуу алтын казууларга таптакыр жол бербей тургандыктарын билдиришти.

Алар бургулап, уулуу заттарды ачык калтыргандыктан, Жарбек Гапаровдун бир учурда жыйырма койу кырылган. Сүйүн Абдрахмановдун койу болсо бир көздүү, мурду пилдикиндей козу тууган. Жардыруу иштеринде Сүйдүм аттуу жесир аялдын үйүнүн шиферлери талкаланган. Башка элдердин короолоруна таштар ыргыган. Бирок, эч кимге бир сом да компенсация төлөшкѳн эмес.

Тоо боорундагы жыйынды Аалыбек Пазылов ачып, «эл бийлик бутактарына көзөмөл кылбаса, Майдан айылындагыдай болуп табият талкалана баштайт, коррупция менен эл күрөшүш керек» деп, Улуттук Улуу Курултайдын Улуттук Кеңештин мүчөсү С.Абдылдаевге сөз берди. Ал бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча кырк тогуз айыл өкмөттө Курултайдын эл бийлигинин мамысы орногонун, маселелерди жеп-ичкич айыл өкмөттөр эмес, жалпы эл бирдиктүү чечип жатканын кабарлады.

Элүүнчү курултай мамысын түптөөгө кириштик. Тогуз кишиден турган даанышман кеңешин, айымдар кеңешин, башчыларын ачык добуш менен шайлашты. Эки жүздөн ашуун эл Майдан айыл өкмөтүнүн Майдан, Кара-Жыгач, Пум, Аустам, Кереге-Таш айылдарынын эр-азаматтарынын катарынан Кырк чорону кыйналбастан эле сунушташып, алар эл колдоосуна арзыды. Чоролор тоо жаңыртып, «Кыйналып турган элимдин кырааны болом» деп ант беришти. Манас деп ураан чакырышты. Бат эле Бакыт Жээнбаевди башчылыкка өздөрү шайлашты. А.Пазыловду Улуу Курултайдын делагаттыгына бекитишти.

Элдик Курултай кыймылынын КРнын бийлик башчыларына койгон курч талаптарындагы «чек арага жакын ээн калып жаткан аймактарды кандаштарыбызга жеке үй курууга берүү» маселесин жапырт колдошуп, Майдан айыл өкмөтү тоо койнунда, сай ичинде жайгашкандыктан өсүп-өнгөн тургундар үчүн жер тилкелери б.а. эки жүз гектар жер чек арага удаа берилгендигин, ошондогу айыл өкмөтү Абдыламит Самидиновдун айыбын ачышты. Ал элине чыккынчылык кылып, айылдын жарандарынын атынан жазылган «Кызыл китеби» менен жер ээсине билгизбей өзбектерге саткан. Ѳздѳн чыккан жат жаман демекчи, анын үстүнөн кылмыш иштери козголуп, камалып-камалбай Р.Отунбаеванын мунапысына мыйзамсыз илинип, сотторду паралап кутулуп кеткен.

«Багы жокко дагы жок» дегендей, мыйзам бузуу менен Бакиев тушундагы бузуку депутаттарды сатып алып, бүгүнкү күндөгү айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучу Асамидин Ташов да элге жек көрүнчү экен. Ал, Майдан айыл өкмөтүнө тиешелүү эки жүз гектар бак-чарбачылык коругун, анда иштегендердин баардыгын мыйзамсыз бошотуп, каматып, оорутуп, «өлтүрүп», жеке эле өзү менчиктештирип алууга үлгүргөн. Бак-чарбачылыгынын бригадири Абдывали Максүтов чындыкка жетем деп жыйырма жыл соттошуп, инсульт болуп акыры көз жумган. А.Ташовдун күнөөлөрүн далилдеп маркумдун кызы Ражия Сейдакматова райондук сотко кайрылган. Тыянак чыкпай келет. Обон аялдары аркылуу ал да сабалган. Деги эле айылдагы чыркыраган чынчыл адамды участкалык милиционер Абдисултан Ысманкулов камаарын, айып төлөтѳөрүн Маржан апа маалымдады. Чек арадагы А.Ташов мыйзамсыз менчиктештирген жерди элге тезинен бөлүп берип, чек араны эл өзү коргобосо, А.Ташов бөтөнгө сатып, качып кетип, жаңы кѳйгѳй жаратаары толук мүмкүн...

Элди ишенимдүү жөөлөө «операциясында» азыркы айыл өкмөтү А.Ташовдун жана андан ѳйдѳкү бийлик бутактарынын да жашыруун катышы бардай. Айыл өкмөттүн жыйынында дайыма качып келишпейт. Биз дагы таба албадык.

P.S.: Макала гезитке чыгаар алдында айыл эли телефон аркылуу байланышып, «Көп милиционерлерди алып келип, элди сүрүп салып, чалгындоо иштерибизди улантабыз» деп менеджерлер эскертип кетишкенин, ага удаа эле Кадамжай районунун күзѳт бѳлүмүнүн сержанты Талант Таштанов баштаган автоматчан тѳрт милиция элди коркутушканын кабарлашты.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...