Акыркы макалалар

Америкада жашаган кыргыз балдар үчүн “Алиппе” китеби басылып чыкты

Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта “Замандаш” ассоциациясынын өнүктүрүү менеджери Наргиза Дүшөнбаева билдирди.

“Бүгүнкү күндө ар бир кыргыз өз эне тилин унутпашы керек. Ал кайсыл жерде жүрбөсүн өзүнүн тилин, дилин сактап жүрүш керек. Азыр чет жерде жүргөн жердештерибиз көп. Ал эми алыста жашап, билим алып жаткан балдар эне тилин билүүсү зарыл. Бул китеп кыргыз тилин жана маданиятынын өнүктүрүү максатында жарыкка чыкты. Ошондой эле чет жерде жүргөн жарандарыбыздын кыргыз тилин унутпай, өз мекенине болгон сүйүүсүн, кызыгуусун арттырат деген үмүт болду”,-деп айтты Наргиза Дүйшөнбаева.

“Ал эм аталган китеп «Kyrgyz USA community» жаштар кыймылынын жана “Замандаш” ассоциациясынын демилгеси менен басылып чыкты,”-дейт ал.

Анын айтымында китептин бет ачаары “Нооруз” майрамында Америка жергесинде болот. Ал эми күз айларында китептин экинчи бөлүгү даяр болот. Китеп мектеп окуучулары гана эмес, кыргыз тилин үйрөнөм деген жарандар үчүн дагы багытталган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...