Акыркы макалалар

Мугалимдердин маянасын көтөрүү үчүн 3 млрд сомго жакын каражат керектелет

Мугалимдердин маянасын көтөрүү үчүн 3 млрд сомго жакын каражат керектелет. Бул тууралуу каржы министри Ольга Лаврова бейшемби күнү маалымат жыйынында билдирди.

«Президент тарабынан орто мектептердин мугалимдеринин маянасын көтөрүү тапшырмасы коюлду. Мугалимдердин маянасын көтөрүү үчүн 3 млрд сомго жакын каражат керектелет. Биз бул каржатты издеп таап жана 1-сентябрдан тарта маянаны 50%га көтөрүүнү көздөп турабыз», - деди министр.

Анын айтымында, ошондой эле май айынан тарта 4 категориясын мамлекеттик эмес кызматкерлердин маянасы көтөрүлөт.

«Керектүү болгон сумма 600 млн сомго жакын жана бул каражаттар табылды», - деп белгиледи Л. Лаврова.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...