Акыркы макалалар

Таластык дыйкандар быйыл кызылча эгүүнү пландаштырышууда

Талас облусунун көпчүлүк дыйкандары быйыл кызылча эгүүнү пландаштырууда. Анткени төө буурчактын баасы төмөндөп кеткендиктен жана жерди которуштуруп айдоо зарылчылыгынан улам ушундай муктаждык жаралууда. Бул тууралуу “Кайыңды-Кант” ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы Дүйшөнкул Матеев билдирди.

“Мурда кызылча Чүй облусунан тышкары Талас облусунда да эгилчү. Бирок акыркы жылдары таластык дыйкандар төө буурчактан көп киреше таба баштагандыктан, кызылча экпей коюшкан. Бир чети алар түшүмүн Чүй облусундагы кант заводго темир жол менен Казакстандын аймагы аркылуу ташып келишкендиктен, көп чыгым тартышчу. Бирок өткөн жылы төө буурчактын дүйнөлүк баасы түшүп кеткендиктен жана жерди которуштуруп айдоо зарыл болгондуктан, айрым дыйкандар кайра кызылча эгүүнү пландаштырышууда. Биз аларды үрөн, кызылчаны культивациялап, казып алып жана тазалаган заманбап техникалар менен камсыз кылууга даярбыз. Кызылчаны мындан тышкары Ысык-Көл облусунун Түп районунда эксе болот.

Тилекке каршы түшүмдү Балыкчыга чейин автомашина, андан бери темир жол аркылуу ташып келүү үчүн көп чыгым кетет. Бир чети кызылча эккен дыйкандар арпа же буудай эккендерге окшоп кээде зыян тартып калышпайт. Анткени биз жаз алды менен дыйкандарга түшүмдү канчадан сатып алууну айтып, келишим түзөбүз. Быйыл бир тонна кызылча 3200 сомдон же шекер түрүндө 74-78 килограммдан алынат”,- деди ал.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...