Акыркы макалалар

Доллардын наркы жогорулагандыктан тышкы карыз өсүп жатат

Кыргызстанда доллардын курсу жогорулагандыктан Мамлекеттик бажы кызматы казынага көп каражат чегерип жатат. Бул тууралуу бүгүн 19-мартта болгон басма сөз жыйынында Каржы министри Ольга Лаврова билдирди.

"Доллар кымбаттап жаткандыктан импорттун азайганына карабай Мамлекеттик бажы кызматы бюджетке бере турган өзүнүн каражатын аткарып гана тим болбостон ашыгы менен аткарууда. Кошумча киреше Улуттук банк тарабынан дагы келип жатат- ведомство рынокко валютаны чыгарууда жана курстардын айырмасынан каражат табууда",-деп түшүндүрдү Лаврова.

Ошол эле маалда министр сомдун кунун жоготуп жатышы Каржы министрлигинде "өзгөчө тынчсызданууну" жаратып жатканын айтты.

"Сом уламдан улам арзандап бара жатат, ал долларга карата 63 сом болду. Бюджет түзүп жаткан маалда баары тең салмакташкан болчу, азыр жагдай кыйындады. Анткени доллар өскөн сайын тышкы карыз жогорулоодо",-дейт министр.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...