Акыркы макалалар

Германияда полиция менен демонстранттардын кагылышуусунда 80дей адам жаракат алды

Бишкек, 18-май /Кабар/. Германиянын Франкфурт шаарында Европа борбордук банкынын жаңы баш кеңсесинин ачылышына каршы чыккан демонстранттар менен полиция кагылышты. Тартип коргоочулар 300дөй кишини кармап кетишти. Нааразылык акциясынын уюштуруучулары ага 10 миңдей кишинин катышканын айтууда. Маалыматтарга караганда, демонстранттар полицияны таш бараңга алып, бир нече машинени өрттөштү.

Банктын жаңы имараты полициянын курчоосуна алынды.

Акцияга чыккандар Европа банкы евро мейкиндикке кирген өлкөлөргө катаал чараларды киргизүүдө жана капиталисттик системаны жайылтууда чоң роль ойнойт деп ырасташууда.

Бүгүнкү тополоңдон улам шаар бийлиги трамвайларды жүргүзбөөнү чечти.

Эл аралык валюта фонду, Европа комиссиясы менен катар Европанын борбордук банкы бюджеттерди үнөмдөө жана экономикалык реформалар аркылуу фискалдык эрежелерди сактоону камсыздаган үчилтикке кирет.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...