Акыркы макалалар

Коомдук тамактануу жайлары эшек окуясы материалдык гана эмес, моралдык да зыян келтиргендигин билдиришүүдө

Бишкек, 18-март /Эмилбек Момунов-Кабар/. Чүй облусунун Манас айылында эшектердин союлгандыгы тууралуу окуя коомчулукту дүрбөлөңгө салгандыгы белгилүү. Анын кесепетинен көпчүлүк коомдук тамактануучу жайлар зыян тартышууда.

“Бишкектеги эшек окуясы бизге материалдык жактан гана эмес, моралдык жактан да аябай чоң залакасын тийгизди. Бул окуяга жамынып алып, бизди көрө албаган атаандаштар жалган жалаа, куру доомат сөздөрдү эл ичине таркатып жиберишти. Эң негизгиси кардарлар алдында абийирибиз таза. Анткени, ак жана таза иштейбиз. "Калптын казаны кайнабайт" деген. Биздин эң таанымал тамагыбыз болгон самса бышырууну бир тандырдан баштап, Бишкек шаарындагы эң ири самсаканалардын түйүнүнө дал ушул даамдуу жана таза иштегендигибиздин артынан айланттык. Этти атайын мал багылган жайлардан тандап алып, мусулманчылыктын эрежеси боюнча сойдуруп алып келебиз”-дейт Бишкектеги "Жаңыбайдын жаңы самсасы" коомдук тамактануу түйүндөрүнүн башчысы Чолпонбай Исмаилов.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...