Акыркы макалалар

Сиздердин эрдигиниздер элдин эсинде

Сиздердин эрдигиниздер элдин эсинде

Жалал-Абад шаарындагы «Жеңиш» эс алуу багында 15-февралда Ооган Республикасынан Советтик аскерлерди алып чыгуунун 24 жылдыгына карата салтанат

өткөрүлдү. Ага Жалал-Абад шаарынын 1-вице-мэри Урмат Маматов, Шаардык кеңештин төрагасы Муратаалы Тагаев, Ооган согушунун ардагерлери жана апаатта каза болгондордун жакындары күбө болушту. Алгач кайтыш болгондорду эскерип, эстелигине гүлчамбарлар коюлду. Ошондой эле мэриянын 12-февралдагы №14 токтомунун негизинде Жалал-Абад шаардык мэриясынын «Ардак грамотасы» менен Ооган согушунун катышуучулары Бакыт Мусаев, Халмурза Булашев, Кабулжан Аскаров, Геннадий Землин сыйланса, акчалай жардамды апаатта каза болгондордун жакындары алышты. Жалал-Абад шаардык Ооган согушунун ардагерлери менен 704-аскер бөлүгүнүн 4-өзүнчө батальондун өздүк курамы бөлүктүн клубунда маектешүүнү 13-февраль күнү өткөрүп, чакан концерт тартуулашты. Аталган бөлүккө Жалал-Абад шаардык Ооган согушунун ардагерлеринин төрагасы Бекболот Жетибаев, ооган ардагери Орозалы Сартбаев азыркы жаш жоокерлерди Ата Мекенге болгон сүйүүсүн, патриоттук сезимин ойготуу сөздөрүн айтуу менен биргеликте, ыраазычылыгын билдиришти..

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...