Акыркы макалалар

Алыш: кыргызстандыктар гран-при турниринде сегиз алтын медал алды

Алыш: кыргызстандыктар гран-при турниринде сегиз алтын медал алды

Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында Баяман Эркинбаевдин элесине арналган улуттук алыш күрөшү боюнча гран-при сериясынын эл аралык турнири жыйынтыкталды.

Турнирдин алкагында аялдар менен эркектер арасында медалдар ойнотулду. Аялдар үчүн сегиз алтын медал ойнотулса, алардын экөөнү кыргызстандык айымдар утуп алды.

Эркектер арасында болгон жеңил салмактагылар арасындагы мелдеште кыргызстандыктар үч алтын медал утушту.

Ал эми 90 кг чейинки салмактагылар арасында 2013-жылдагы Дүйнөлүк Универсиаданын жеңүүчүсү, дүйнө чемпиону Нурбек Кожобеков атаандашы Мирбек Карабаевди жеңип кезектеги медалды алды.

100 кг салмакка чейинки финалдык беттеште Казанда өткөн Универсиаданын дагы бир жеңүүчүсү Нурбек Аканов менен анын тууганы Чыңгыз Аканов килемге чыгып калышты. Нурбек күрөшпөй туруп агасына жеңишти ыйгарды жана анын натыйжасында Чыңгыз Аканов кезектеги алтынды жеңип алды.

100 кг салмактан жогоркулар арасында финалдык кармашка кыргызстандык Абдумалик Мулажанов жана тажикстандык Самандар Эрназаров чыгып, кыргыз балбаны сегизинчи медалды жеңип берди.

Эскерте кетсек, алыш боюнча биринчи эл аралык гран-при турниринин байге фонду 1 млн сомду түзгөн. Быйыл турнирге 18 өлкөдөн 115 спортчу катышты.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...