Акыркы макалалар

Кыргызстанда айлык кирешеси 2258 сомдон ашпагандар жакыр жашагандардын катарына кошулат

Өлкөдө калктын 37 пайызы жакырчылыкта жашайт. Бул маалыматты парламенттин бүгүнкү жыйынында Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Осмоналиев маалымдады. Анын айтымында, өлкө аймагында өтө жакыр жашагандар калктын 2,8 пайызын түзөт. 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча Осмоналиев: "Бир адамдын жылдык кирешеси 16 000 сомго жетпесе, анда ал киши өтө жакырлардын катарына кошулат.. Ал эми 1 жылдык кирешеси 27 100 сомго жетпегендер , тактап айтканда 1 айлык кирешеси 2258 сомдон ашпагандар жарандар жакыр жашайт ",- деп билдирди.

Ал эми депутаттар Улуттук статистика комитетинин маалыматтарынын көбү жалган экенин, реалдуу турмуштан алынган сандар айтылбай жатканын айтышты.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...