Акыркы макалалар

Мурдагы айыл-чарба министри Узакбаев боюнча өкүмдү шаардык сот күчүндө калтырды

Мурдагы айыл чарба министри Чынгысбек Узакбаевдин иши боюнча биринчи инстанциянын өкүмүн Бишкек шаардык соту күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Узакбаевдин адвокатыАсанбековдун арызынын негизинде 2015-жылдын 10-мартында Бишкек шаардык соту ишти карап, Биринчи май райондук сотунун 2014-жылдын 4-ноябрындагы өкүмүн күчүндө калтырган. Сот ачык ишик артында өткөн.

Чынгысбек Узакбаев күнөөлүү деп табылып, Кылмыш жана жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүмүнүн негизинде ага 5 миллион сом айып салынган.

Эскерте кетсек, 3 мартта Башкы прокуратура Чынгысбек Узакбаевге карата кылмыш ишин козгогон. УКМКга караштуу Коррупцияга каршы күрөшүү кызматтын берген маалыматына ылайык, 2010-жылдын 20-июлунда кыргыз өкмөтү менен АКШ экономикалык реформаларды колдоо жана экономикалык өнүгүү фондун башкаруу тууралуу меморандумга кол койгон. АКШ макулдашууга кол коюлган күндөн тартып бир жыл аралыгында Кыргызстанга 20 млн даллар грант берүүнү убада кылган. Бул каражаттын 7 млн долларын өкмөт мал чарбасын өнүктүрүү программасын ишке ашырууга багыттамак. Маалыматка ылайык, Узакбаев насыя алуучулардын тизмесине талапка жооп бербеген компанияны киргизип койгон.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...