Акыркы макалалар

Кыргызстандын ишкерлери мындан ары Кытайга жалгыздан кире алышпайт

Кыргызстандын ишкерлери мындан ары Кытайга жалгыздан кире алышпайт. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта өткөн "Ишкерлердин укугун коргоодогу прокурордук көзөмөлдүн ролу" теген темадагы тегерек стол учурунда Соода кызматерлеринин Борбордук комитетинин төрайымы Дамира Дөлөталиева билдирди.

Анын жоромолунда мыйзамсыз паспорт берүү фактылары аныкталгандыктан Кытай тарап Кыргызстандын жарандарынын топ менен гана келүүсүнө уруксат берүүдө.

"Эми Кыргызстандын жарандары жекече Кытайга учуп бара алышпайт. Анткени аларга жеке виза берилбейт. Баруу үчүн жок дегенде 5 адамдан турган топ түзүү керек. Ал эми биздин бизнесмендер атаандаштарына кайда жана кайсыл жакка кетип жаткандыгын айтышпайт. Бул соода тармагындагы сыр. Мындай тартип "Дордой" жана "Кара-Суу" базарларынын, "Таатан" жана "Гоин" соода борборлорунун ишкерлерине катуу сокку болду. Бизнестин ансыз деле чыгымдары көп. Соода айлантуу 70 пайызгы түшүп кетти. Бул өлкө бюджетине терс таасирин тийгизбей койбойт",- деди ал.

Анын айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматындагы коррупциялык иштердин кесепетинен мындай кырдаал түзүлүп жатат. Бул ишке байланыштуу ал башкы прокурор Индира Жолдубаевадан, мыйзамсыз паспорт берген Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлерин жоопко тартууну суранды.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...