Акыркы макалалар

Кутурмадан жабыркагандар, актанган адистер

Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы чукул эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиясынын берген маалыматы боюнча, район аймагында кутурма оорусу боюнча эпизоотиялык абал оор бойдон калууда.

2012-жылдын ичинде район аймагынан кутурган ит-малдан жабыркагандар 72 адам каттталды. Ал эми 2013-жылдын бүгүнкү күнүнө чейин 26 адам кайрылып, 18 адам кутурма оорусуна күмөн болгон ит-малдардан жабыркагандар.

Жыл башынан бери кутурмага каршы ит-малдардан антирабиялык жардамга кайрылгандарга вет адистер тарабынан бир да малы кутургандыгы жөнүндө справка берилген эмес. Ит-малдардын арасында кутурма оорусунун клиникалык жол менен аныкталган учурларына чектөө коюу жөнүндө токтом кабыл алынган эмес.

20-январь күнү Бирлик айыл округу аймагында иттер 2 адамды жана Айдаркен шаарынын 4 адамды тиштегендигине карабастан бүгүнкү күнгө чейин Бирлик айыл аймагында 30 баш ит атылган болсо, Айдаркен шаарында ит атуу жүргүзүлө элек.

Кутурма оорусунун алдын алуу боюнча РайМамАдминистрациясынын алдындагы чукул эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиясынын 03.04.2012-жылдагы № 2|2 чечимин кабыл алынган. Бирок, чечимде көрсөтүлгөн сунуштар толугу менен аткарылбай жатат.

Мисалы: Кадамжай райондук мамлекеттик ветеринардык башкармасынын айылдарда иттерди кармоо эрежесинин сакталышына көзөмөлдү күчөтүү жана ит кармоонун эрежесин бузган жарандарга КРнын мыйзамдарына негиз айыптарды салуу, элге түшүндүрүү иштери жүргүзүү, баракчаларды таркатуу сунушу берилген. Бирок берилген сунуштар аткарылган эмес.

Ал эми райондук ветеринардык башкармасынын башчысы Тайир Мадимаров бул маалыматтарды четке кагып, иш жүргүзүп жатканын жана кутурма менен күрөшүү бардыгынын милдети деп эсептейт.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...