Акыркы макалалар

Биздин товар - сиздер үчүн..

Биздин товар - сиздер үчүн..

Жалал-Абад шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар эмне менен иш кылышат, кантип оокат өткөрүп жатышат? Бул суроого жоопту Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Жалал-Абад окуу өндүрүштүк ишканасынын жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Үсөнбай Печелов берди.

- Өткөн жылы сиздердин ишканаңыздарда кандай иштер жасалды?

- Бул коомдун негизги максаты Жалал-Абад областындагы жана шаар-райондорундагы майыптарды жумуш менен камсыздандыруу. Учурда биздин коомго 178 мүмкүнчүлүгү чектелген адам мүчө. Анын 51и жумуш менен камсыз болгон. Алар аталган коомдо бардык өлчөмдөгү матрас, медициналык халаттар, ашканага кийилүүчү халаттар, жууркан, жаздыктарды тигип иштешет. Ал эми мырзалар жыгачтан кровать, тумбочка, стол, стулдарды жасашат. Биз жалпы тургундардан биздин коомдон чыгып жаткан товарларга буйрутма берип, биздин товарларды алсаңыздар деп суранып кетет элек.

-Ал эми 2013-жылга кандай пландарыңыздар бар?

- Кыргыз азиздер дүлөйлөр коому 2012-жылга 2 млн. 240 миң сом план алып, аткарылганы 2 млн. 572 миң сомду түзүп, планды 115 пайыз аткардык. Бул менен шаардын экономикасын көтөргөнгө салым кошо алдык. Эгерде бизге көбүрөөк буйрук түшсө, ишти 5 миллионго чейин көтөргөнгө толук мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Ал эми Райхан Усманова 30 жылдан бери аталган коомдо эмгектенип келет. Ал Базар-Коргон районунун Чарбак айылында туулуп, көзү азиздер мектебинде билим алган. Учурда эки уулдун апасы жана бир неберенин бактылуу чоң энеси.

-Сиз бул жерге кантип мүчө болуп жана кандайча ишке орношуп калгансыз?

- Мени бул жерге алгач Кыргыз азиздер дүлөйлөр коомунун мурдагы жетекчиси Калык Мамбетакунов алган. Ошондон бери жууркан тигип иштеп жатам. Жууркан кабыгандан сырткары профкомдук кызматты да аркалап келем. Бул жерде иштегендер бир гана иш менен чектелбестен эс алып да турушат. Алсак, өткөн жылы «Арсланбап» пансионатына бардык. Ошондой эле шахмат боюнча Ысык-Көлгө барып ойноп келишет.

-Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?

- Жолдошум менен ушул жерде иштеп жүрүп таанышып, баш кошуп калгам. Ал дагы аталган коомго мүчө, эки уулдун, бир неберенин чоң ата, чоң энесибиз. Кудайга шүгүр, эки уулумдун ден соолугу жакшы. Мына ушул жерде эле иштеп балдарыбызды чоңойтуп, окуттук. Улуу балам 29 жашта ал эми кичүүсү болсо 26 жашта. Улуу балабызды окута алган эмеспиз, экинчи балам Экономикалык жана ишкердик университетинен программист адистигин бүтүргөн. Аталган окуу жайдын жетекчилиги биздин мүмкүнчүлүгүбүз чектелгенин эске алып, баламдын келишимдик акысынын 50%ын кыскартып, бизге жардам кылган. Эми ошол балам азыр өзүнүн кесиби боюнча иштей албай жүрөт.

Биздин иш тартибибиз мындай: Алгач кыздардын жардамы менен жуурканды станокко коюп алам. Андан соң үлгүнү бетине коюп, гүлдөрүн тууралайм. Анан ийне жиптин жардамы менен кабып баштайбыз.

Мен жердештерим бизге көбүрөөк буйрутмаларды берип, менен тыгыз иштешсаңиздер деп кайрылат элем. Сиздер буйрутма берсеңиздер, биз иш менен камсыз болобуз жана күндө төрт дубалдын ичинде камалып отура бербей, ишке келип алаксып, оорубузду аз да болсо унутканга көмөк бересиздер.

Кенже ТЫНЫМБЕК кызы

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...