Акыркы макалалар

Өкмөт журналисттер менен кызматташтыкты жандантат

Өкмөт журналисттер менен кызматташтыкты жандантат

Жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташтыкты жандантуу максатында бүгүн өкмөт үйүндө журналисттер менен жолугушуу болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева билдирди:

- Коомдук пикирди жаратууда журналисттер чоң роль ойнойт. Бирок жалаң гана терс кабарларды эмес, аткарылып жаткан жакшы иштер тууралуу да көбүрөөк чагылдырылышын каалайт элек. Бүгүнкү күндө өкмөт жасаган алгылыктуу иштер көп, бирок ошону журналисттерге жеткирүүдө кемчиликтер бар.

Ниязалиева өкмөт структураларынын басма сөз кызматтарынын ишинде кемчиликтер бар экенин айтып, журналисттер менен кызматташтыкты жаңы тепкичке көтөрүү учур талабы болуп турганын белгиледи.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...