Акыркы макалалар

Аксы окуясында курман болгондор эскерилет

Аксы окуясында курман болгондор эскерилет

Аксы районунун Боспиек айылында бүгүн 13 жыл мурунку кандуу окуянын курмандыктары эскерилет. Райондук администрациядан билдиришкендей, иш-чарага мерт кеткендердин жакындары, биринчи вице-премьер-министр Таирбек Сарпашев баштаган өкмөт өкүлдөрү жана президенттик администрациянын аппарат жетекчисинин орун басары Икрам Илмиянов катышат.

Аскар Акаевдин бийлиги учурунда, 2002-жылы 17-мартта Жалал-Абаддын Аксы районунда тынчтык митингинин катышуучуларына каршы ок атылып, алты киши каза тапкан. Митинг саясатчы Азимбек Бекназаровду абактан бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга берүүгө каршылык билдирүү максатында өткөрүлгөн болчу.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...